Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз жана орус тили сабагы боюнча КЭУнун студенттеринин арасында өткөрүлгөн олимпиада

   Бүгүн 16-майда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Тил – ар бир элдин каны-жаны…» аттуу кыргыз тили боюнча  өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, ийгиликтерди багынткан студенттерди М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун окуу-усулдук иштер боюнча проректору Динара Мухтаровна куттуктап, 1-2-3-даражадагы дипломдорду жана мактоо баракчаларын тапшырды. Ошондой эле, Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Назира Жакыповна жалпы студенттерге куттуктоо сөзүн жана каалоо тилектерин  айтып өттү.

    Орус тили боюнча олимпиаданын жыйынтыгы да чыгарылып, грамота жана сыйлоо барактары менен сыйланышты.

   Окуу жылдын аягында ар бир студентке жайкы эс алуу учурун ийгиликтүү өткөрүп, жаӊы күч, жаӊы дем, жаӊы чыгармачылык эргүү менен кайтып келишин каалайбыз!

Олимпиаданын жеӊүүчүлөрү:

Улантуучу топ:

1-орун – Тыналиева Гүлнура

2-орун – Абдыжалил кызы Назгүл

                Өмүрзакова Акылай

                Бактыбек кызы Дилшат

3-орун – Искакова Бермет

                Манасбекова Кайыргүл

Баштапкы топ:

1-орун – Мирмейди Сауле

2-орун – Ярмухаметова Зарина