Жаштар паркына айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча КЭУнун профессордук-окутуучулар жамааты ишембиликке чыгышты

  2018-жылдын 19-майында Бишкек мэриясынын 3 айлык ишембилик өткөрүү боюнча  жарыяланган буйругуна ылайык, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты, Прикладдык информатика кафедрасынын жамааты менен биргеликте Жаштар паркына айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча ишембиликке чыгышты.  Ишембиликтин алкагында парктын ичиндеги таштандылар чогултулуп, шыпырылып, тазаланды.