Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улутту улут кылган – тил» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

   2018-жылдын 25-сентябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улутту улут кылган – тил» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Кыргыз тили аркылуу кыргыз элинин маданияты, тарыхы, салты, адабияты тууралуу студенттерге терең тааныштыруу үчүн өткөрүлгөн майрамга белгилүү манасчылар, окумуштуулар, акындар чакырылды.

   Майрамдык концертке студенттерди тартуу менен алардын жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тил каражаттарынын таасирдүүлүгүн, образдуулугун баамдоо аркылуу тилди терең өздөштүрүүгө үйрөтүү иш-чаранын негизги максаты катары белгиленди.

   Майрамдык иш-чараны мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Н.Ж.Жапаралиева ачты.

 

   Андан соӊ, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору К.А.Атышев кыргыз тилинин орчундуу маселелерине жана көйгөйлөрүнө токтолуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Ибраимова Г.Ү. Мамлекеттик тилдин азыркы абалы тууралуу кеңири сөз сүйлөдү.

   КРнын Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов кыргыз тилинин учурдагы абалына, котормо маселелеринин көйгөйлөрүнө токтолду.

  Майрамдык иш-чарага жаш манасчы Нурбек Талантбеков келип, улуу баяндан үзүндү айтып берди.

   Салтанаттуу концерттик бөлүктүн көркүн М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун таланттуу студенттери ачышты. Өздөрүнүн чыгармачылыктарын көрсөтүү менен бирге эне тилинин барк-баасын даңазалаган ырларды көркөм окушуп, эне, туулган жер тууралуу ырларды аткарышып, улуттук бийлерди бийлеп беришти.