«Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» аттуу ачык сынагынын жыйынтыгы

4-октябрда 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулган «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» аттуу ачык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Сынактан 9 долбоор тандалып алынып, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын буйругу менен түзүлгөн калыстар тобу тарабынан бааланды.

Студенттер өздөрүнүн долбоорлорун тааныштырып, калыстар тобунун  жана студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Калыстар тобунун чечими менен:

1-орунду «Эл сөзү» долбоору багындырып,  I даражадагы диплом;

2-орунду «Пифагор» долбоору ээлеп, II даражадагы диплом;

3-орун  «Кыргызстан маалымат системасы» III даражадагы диплом долбооруна ыйгарылды жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.