Аалам алпы Айтматов

XXI кылымдын феномени эсептелген залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата иш чаралар бардык жерде белгиленүүдө. Ошондой иш чаранын бири  2018-жылдын 30-октябрында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” аттуу үч айлыктын алкагында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде заманыбыздын залкар сүрөткери Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Аалам алпы Айтматов» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш чарага М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, профессор Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич, атактуу жазуучунун карындашы Роза Төрөкуловна Айтматова, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти, академик Абдылдажан Акматалиев, академик, философ Аскар Чукутаевич Какеев, Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун директору, журналист Смальтбек Темирбеков, саясий жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, композитор жана акын Александр Николаевич Дашковский, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.

Иш-чараны окуу жайдын ректору ачып, залкар жазуучунун чыгармаларынан алган таасирлери, жолуккандыгы тууралуу кызыктуу учурлардан айтып өттү. Андан соӊ Роза Айтматова атасы Төрөкул Айтматовду, апасы Нагима Хамзаевнаны эскерип, агасы Чыӊгыз Айтматовдун бала чагы, тарыхый доор, согуш учурундагы жазуучунун өмүрү, үй-бүлөгө түшкөн мүшкүл, кыйын кырдаалдар жөнүндө баяндады. Алтүгүл, кыйынчылык заманда жалгыз уйун уурдап кеткенде, мылтык алып, атам дегенге чейин барып, айылдан бир аксакал токтотуп калганын айтып эскерди. “Эгерде, дейт – Роза Төрөкуловна чындап эле атып салса Чынгыз Төрөкуловичтин тагдыры эмне болмок”-деп бир топко ойлоно калды. Бирок, Чынгыз Айтматовдун маңдайына ааламды батырып ала тургандай жазуу жазылган экен. Алакандай кыргызды ааламга тааныткан Ч.Айтматовдун элеси, ар бир чыгармасы өлбөс-өчпөс болуп калары шексиз. Роза Төрөкуловна сөзүнүн аягында жаштарга кайрылып, силердин шартыңар, заманыңар абдан жакшы, билимиңерди тереңдедип, алдыга жылгыла деп акыл-насаатын айтты.

Академик Абдылдажан Акматалиев улуу жазуучуга жолуккан мезгилин чыгармачылыгындагы урунттуу учурларды эскерип, залкар жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына илимпоз катары баа берип, дүйнөлүк шедеврлердин сап башында турарын айтып өттү.

 Академик, философия илимдеринин доктору Аскар Чукутаевич Какеев Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы философиялык ойлорду айтуу менен кыргыз элинин ордо оюнундагы абалакты Айтматовго, чүкөлөрдү дүйнө жүзүндөгү адам баласына салыштыруунун негизинде Айтматовдун ааламдык инсан экенин философиялык көз карашта далилдеди.

Иш-чарада КЭУнун 1-2-курсунун студенттери Ч.Айтматовдун «Бетме-бет», «Кылым карытар бир күн», «Биринчи мугалим», “Саманчынын жолу” чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Ошондой эле «Кылымдарга өчпөс болуп калдыныз» аттуу ырын Сайнап Нурласова, 

 

“Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз”
Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,
Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.
Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,
Аттиң, арман жетпейт сизге үнүбүз.

Ушул жылы 85ке толмоксуз,
Жакындардын сый-төрүндө болмоксуз.
Аткарам деп көздөп койгон иштерди,
Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,
Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.
Окуганда сиз жараткан китепти,
Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.

Туу чокуну багындырып алдыңыз,
Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз,
Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,
Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз!

 Бердибек Жамгырчиевдин «Тоолор кулаганда» аттуу ырын Көчөров Сыймык көркөм окуп беришти.

 

Тоо кулаганда

Адам эмес аалам сизди урматтап,

Туруучу эле жүзүӊүздү нур каптап.

Өмүрүнүз өрнөк болду жалпыга,

Өткөн жоксуз өзгөлөрдү кур мактап.

          Товарларды таануу жана эксперттөө кафедрасы тарабынан дайындалган  улуттук тамак-аш көргөзмөсү тартууланды. Мындан тышкары Чет тилдер кафедрасы тарабынан «Саманчынын жолу» повести боюнча сценка коюлду. Ал сценка кыргыз, орус, англис тилдеринде тартууланды. Бишкек шаарындагы №70 гимназиянын окуучулары Дүйшөналиева Адинай, Дүшөналиев Азирет Ч.Айтматовдун балалык чагынан аткарып беришти.

        Натыйжада, эстеликке сүрөткө түшүү, кол тамга алуу сыяктуу эсте каларлык көз ирмемдер менен жыйынтыкталды.