20-ноябрда 20018 жылы «Дамас Интернешнл» мейманканасында окуу көндүмдөрүн өркундөтүү боюнча USAIDдин “Time to read ” аттуу семинары болуп өттү.

20-ноябрда 20018 жылы «Дамас Интернешнл»  мейманканасында  окуу көндүмдөрүн өркундөтүү боюнча USAIDдин   “Time to read ”  аттуу семинары болуп өттү. “Time to read ”  долбоору билим берүү жана илим министирлиги менен биргеликте мугалимдер үчүн (семинар) чон масштабдагы семинар өткөрдү. Ошондой эле профессионалдык классификацияны жогорулатуу иш-чаралары белгиленди. Окутуу сапатын жогорулатуу үчүн USAID сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылууга умтулат. Бул иш чаралардын негизинде китептерди баалоо, аларды татаалдык денгээлине карата классификациялоо атайын  инновациялык ыкма киргизилген. Мындан тышкары, бул долбоор окуучулардын окуу маданиятын жогорулатуу үчүн коомчулук менен тыгыз байланышта  иштешет. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Экономикалык Университетинин атынан чет тилдер кафедрасынын 2 мугалими катышты. Ага окуутучулар: Жолдошбекова э.А., Асанова Д.К.

    Семинарга борборубуздун жогорку окуу жайлары катышты. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети, К.Карасаев атындагы  Бишкек Гуманитардык Университети ж.б. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министиринин биринчи орун басары Жусупова А. Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору  Гери Линден ошондой эле өлкөбүздүн бүткүл областарынын өкүлдөрү катышты: Чуй, Ыссыккөл,  Нарын, Талас, Жалалабад, Баткен, Ош. Жыйынтыктап айтканда Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн иш-чара  билим алуу жетишкендиктерин улуттук денгээлде  баалоо жыйынтыктары менен ырасталат.