М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикага өтүү көйгөйлөрү талкууланган конференция отту

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Жашыл экономикага өтүү көйгөйлөрү талкууланган конференция отту

 

         2018-жылдын 23-ноябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Эл аралык экономика, бизнес жана туризм институту Capacity Building Consulting Group (CBC-Group) консалтинг компаниясы менен биргелешүүдө “Кыргыз Республикасынын ааламдашуу шарттарында жашыл экономикага өтүү көйгөйлөрү” темасындагы ЖОЖ аралык студенттик илимий-практикалык конференцияны өткөрдү.

            Конференциянын ишине төмөнкүлөр катышышты: Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан депутаты, техника илимдеринин кандидаты Турусбеков Бактыбек Сагындыкович; долбоорлор портфелинин кеңешчиси/координатору, БУУнун өнүктүрүү программасынын PAGE Туруктуу экономикалык өсүү багытынын улуттук координатору Орозбаева Каныкей Джантаевна; «Юнисон консалтинг» ЖЧКнын башкы директору, Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын каржылык эксперти (KyrSEFF) Аскарбеков Бакыт; Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо борборунун өкүлдөрү; Бишкектин 8 (сегиз) ЖОЖунун окутуучулары жана студенттери: Борбордук Азиядагы Америкалык университет, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз-Казак университети, Ала-Тоо Эл аралык университети, Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети.

            Жогорку Кеңештин өкүлдөрү – депутат Турусбеков Б.С., ошондой эле Климаттык каржылоо борборунун өкүлдөрү – саясат боюнча адис Асипжанов Алмаз жана коммуникациялар боюнча адис Рыскулбекова Чынара  - дүйнөдо болуп жаткан ааламдашкан процесстер менен негизделген кыйынчылыктар жана жаңы чакыруулар Кыргыз Республикасындагы экономикалык моделдерди өзгөртүү зарылдыгын түшүнүүгө, ошондой эле экономикадагы, эколокиядагы жана социалдык чөйрөдөгү артыкчылыктуу багыттардын маселелерин чечүүдө комплекстүү мамиле жасоо менен өнүгүү жолуна өтүүгө алып келди. Республиканын жашыл экономикага өтүшү боюнча мыйзам чыгаруучу органдын жана Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын айырмалап, анын ролун жогоруда аталган маселелерди ишке ашыруу боюнча таасирдүү механизмдердин бири катары белгилешти.

            Бизнестин өкүлдөрү жана окутуучулар, алардын ичинде: «Юнисон консалтинг» ЖЧКнын башкы директору Аскарбеков Бакыт, саясий илимдеринин кандидаты, БААУнун доценти Темиркулов Азамат жана КЭУнун ага окутуучусу Сеитова Ч.А. – республикада жүзөгө ашырылып жаткан жаңы ресурс сактоочу технологияларды киргизүү боюнча практикалык кадамдар жана долбоорлор жөнүндө айтып беришип, Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн айрым моделдерин сунуштады.

            КЭУнун атынан конференцияга ректораттын өкүлдөрү катышышты: биринчи проректор Турсуналиева Д.М.,  Илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор Атышов К.А. - куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү, Эл аралык байланыштар жана долбоорлор боюнча проректор Кадыралиев А.Т. – университетте ишке ашырылып жаткан Жашыл экономиканын чөйрөсүндөгү  долбоорлор тууралуу баяндама жасады;  алардан тышкары конференциянын ишине түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери, кафедра башчылары жана профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү катышышты.

            Конференциянын катышуучуларынын ой-пикири боюнча жашыл экономикага өтүү үчүн төмөнкү иштер өтө зарыл: жашыл экономиканын маселелерин туруктуу өнүгүү боюнча стратегиялык документтерге интеграциялоо; жашыл экономиканы жана анын өсүшүн өлчөө үчүн индикаторлорду жана көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу жана коррекциялоо; салыктарды, насыяларды, тарифтерди, субсидияларды жана башка жашыл экономикага өтүү үчүн демилге берүүчү аспаптарды кайрадан карап чыгуу; аз калдыктуу, калдыксыз жана ресурс сактоочу технологияларды киргизүү жана экономиканын бардык секторлорундагы жаңы усулдарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;  “жашыл шаарлар”, “жашыл аймактар” жерлерин өнүктүрүүгө, “жашыл” жумуш орундарын жана “жашыл” каттамдарын түзүүгө жардам берүү; жашыл экономика боюнча демилгелердин кызматташуусун жана эл аралык жана ата-мекендик каржылоону өбөлгөлөө; экологияны колдоого багытталган бизнести өнүктүрүү, “жашыл” технологияларды пайдалануу; “жашыл” ой жүгүртүү маданиятын алдыга жылдыруу; калкты жана бизнес-түзүмдөрдү “жашыл экономика” жөнүндө маалымдоо деңгээлин жогорулатуу.

            Конференциянын иши үч багытта жүргүзүлдү: жашыл экономика боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана аны каржылоо; жашыл экономиканы Кыргыз Республикасында түзүү жана өнүктүрүү; жашыл экономиканын сегменттери.

            Байгелик орундарга (секция боюнча) төмөнкү студенттер ээ болушту:

1-секция:     

1-даражадагы диплом – Суйунбаев Кайратбек, Газбеков Кенешбек (КЭУ)

2-даражадагы диплом – Абай Памиров (Ала-Тоо эл аралык университети)

3-даражадагы диплом – Буренина Юлия (КОСУ)

2-секция:     

1-даражадагы диплом – Дономбаев Илгиз (КЭУ)

2-даражадагы диплом – Ашимжан уулу Суйоркул (КЭУ)

3-даражадагы диплом – Мадмарова Ширин (КЭУ)

3-секция:     

1-даражадагы диплом – Айдарова Айназик (КЭУ)

2-даражадагы диплом – Жусупов Нурсултан (КЭУ)

3-даражадагы диплом – Анаркулова Жибек, Низамбаева Айгерим (КЭУ)

 

            Конференциянын жыйынтыгы боюнча  КЭУда Жашыл экономиканын маселелерине байланышкан билим берүүчү программалардын жана курстардын иштелип чыгышына негиз түзүүчү резолюция кабыл алынды.   Катышуучулардын баарына тастыктамалар берилди,  9 (тогуз) студент  1,2,3-даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды.