МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖУМАЛЫГЫ

 

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖУМАЛЫГЫ

 

… илимий техниканын жетишкендиги

интеллектуалдык интеграцияга кеңири

мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет...

(Ч. Т. Айтматов)

2018-жылдын жетинин айынын 26-30 чейин Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институтунун Колдонмо информатика кафедрасы тарабынан “Маалымат технологиялар” жумалыгы өткөрүлдү. Жума ичинде мурдатан түзүлгөн план боюнча Бизнес информатика ошондой эле экономика жана сервис колледжинин Колдонмо информатика багыттарында билим алган студенттерибизге КР Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу ишканаларга жана КР Улуттук илимдер академиясындагы Маалымат технологиялар борборуна экскурсиялар жүргүзүлдү. Экскурсияда студенттер мыкты адистерден лекцияларды угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты. Айта кетсек, КРнын президентинин санариптик трансформация боюнча кеңешчиси Дастан Догоев студенттерге  “Ачык маалыматтар” долбоорунун келечеги, пайдасы тууралуу айтып берди. Ошондой эле студенттер ал жактагы заманбап технологиялар, программдык жабдыктар менен да таанышып чыгышты.

Жумалыкта университеттин кичи залында атайын конок лекциялар окулду. Айта кетсек, КР Digital-CASA долбоорунун менеджери Аида Шаршеева “Орто Азия жана Түштүк Азия, Кыргызстан” жана Улут-Софт ЖЧНнын жетекчиси Мирбек Окенов “Кыргыз тили маалымат доорунда” аттуу лекциялары менен университеттин окутуучулар курамына, студенттерге санариптик технология боюнча пайдалуу, актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды берип кетишти.

Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе жаш ишкер, “Nanospace” ЖЧКнын Генералдык директору Улан Саламатов “Бизнес жана өз алдынча өнүгүү” лекциясы менен заманбап технологиялар тармагында кантип бизнести алып кетүү керек экендигин өз тажрыйбасында айтып берди жана ишкер болууну каалаган жаштарга өзүнүн жардамын берерин айтып, кошулууга чакырды.

Ошондой эле залкар жазуучу Ч.Т. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган студенттер арасында өткөрүлгөн “Айтматов маалымат технологиялар ааламында” видеороликтердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка улуу жазуучунун жээни Асан Ахматов катышып, көп иш-чараларда болгондугун жана мындай уюшулган руханий баалуулукту технология менен айкалыштырып жеткиликтүү жогорку дэңгээлде биринчилерден болуп  жаткандыгын баса белгилеп кетти.  Университеттин китепканасына, студенттерге Роза Айтматованын китеби тапшырылды.

Сынакта:

-Гран При БИ-1-16 тайпасы;

I орун БИ-1-15 тайпасы;

II орун БИ-1-18, БУ-1-18 тайпалары;

III орун ПИ-1-17( колледж), ТА-1-18 тайпалары орундарга ээ болушту.

Тайпалар диплом жана демөөрчү тарабынан уюшулган акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш чараны өткөрүүгө жаш ишкер, “Nanospace” ЖЧКнын Генералдык директору Улан Саламатов демөөрчүлүк көрсөтүп, студенттерди мындан ары да жакшы окуп, татыктуу адис болушуна үндөдү. М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун жамааты жаш ишкерге мындан ары ишине мындан ары да албан ийгиликтерди каалап, компетенттүү жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Аткарылган иш чара Элтр телеканалынан да көрсөтүлүп кетти. Алдыңкы орунга ээ болгон видеороликтер КР Президентине караштуу улуттук тил комиссиясына жөнөтүлдү.

Ошондой эле Колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Темиров М.А Java программалоо тили боюнча ачык сабак өткөрдү, ага кафедранын мүчөлөрү, окуу бөлүмүнүн адиси катышты.

Ошентип, өткөрүлгөн жумалык  студенттерге жакшы тажрыйбаларды көрсөтө алды.