КЭУда мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында өткөрүлгөн “Эне тил жана Айтматов” аттуу иш чаранын жыйынтыгы

 

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасына”, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги “Ч.Айтматовдун  туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” №81-Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганынын  29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Эне тил жана Айтматов” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялаган.

Бул үч айлыктын алкагында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде заманыбыздын залкар сүрөткери Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Аалам алпы Айтматов» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  Аталган иш-чарага залкар жазуучунун карындашы Роза Төрөкуловна Айтматова, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, профессор Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти, академик Абдылдажан Акматалиев, академик, философ Аскар Чукутаевич Какеев, Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун директору, журналист Смальтбек Темирбеков, саясий жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, композитор жана акын Александр Николаевич Дашковский, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.

         Иш-чараны окуу жайдын ректору ачып, залкар жазуучунун чыгармаларынан алган таасирлери, жолуккандыгы тууралуу кызыктуу учурлардан айтып өттү. Андан соӊ Роза Айтматова атасы Төрөкул Айтматовду, апасы Нагима Хамзаевнаны эскерип, агасы Чыӊгыз Айтматовдун бала чагы, тарыхый доор, согуш учурундагы жазуучунун өмүрү, үй-бүлөгө түшкөн мүшкүл, кыйын кырдаалдар жөнүндө баяндады. Атүгүл, кыйынчылык заманда жалгыз уйун уурдап кеткенде, мылтык алып, атам дегенге чейин барып, айылдан бир аксакал токтотуп калганын айтып эскерди. “Эгерде, дейт – Роза Төрөкуловна чындап эле атып салса Чынгыз Төрөкуловичтин тагдыры эмне болмок”-деп бир топко ойлоно калды. Бирок, Чынгыз Айтматовдун маңдайына ааламды батырып ала тургандай жазуу жазылган экен. Алакандай кыргызды ааламга тааныткан Ч.Айтматовдун элеси, ар бир чыгармасы өлбөс-өчпөс болуп калары шексиз. Роза Төрөкуловна сөзүнүн аягында жаштарга кайрылып, силердин шартыңар, заманыңар абдан жакшы, билимиңерди тереңдетип, алдыга жылгыла деп акыл-насаатын айтты.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгына мыкты даярдануунун натыйжасында, иш-чаранын жыйынтыгын чыгарууда М.Рыскулбеков атындагы КЭУ республикадагы ЖОЖдордун ичинен суурулуп чыгып,  КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын белегине татыды.

Экономикалык адистиктеги окуу жай болгонуна карабастан, башка ЖОЖдордон, анын ичинен гуманитардык окуу жайлардан айырмаланып, КЭУнун мындай жеңишке жетиши мактоого арзырлык.