«Терминалдардын командасын ар бир программист билүү керек» темасында конок лекция болуп өттү.

 

2019 жылдын  бирдин айынын 15де М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун Бизнес информатика жана Экономика жана сервис колледжинин Колдонмо информатика багыттарында билим алып жаткан студенттер үчүн «Терминалдардын командасын ар бир программист билүү керек» темасында  «Тезтап» компаниясынын менеджери, программист Элбар Исраиловдун катышуусунда конок лекция өткөрүлдү. Бул иш-чарада студенттерге  Android- тиркемесин иштеп чыгуунун жолдорун түшүндүрүлүп берилди, ошондой эле, азыркы учурдагы программдык камсыз кылууларды иштеп чыгууда керектүү болгон маалыматтарды дагы берип кетти. Студенттерге азыркы учурда англис тилин биринчи орунга коюп үйрөнүү керектигин жана кандай онлайн курстарды окуу пайдалуу керектигин өзүнүн иш тажрыйбасында көрсөтүп кетти. Мамлекеттик санариптештирүү Digital-CASA долбоору менен бирге ишке ашып жаткан “mydom” мобилдик тиркемесинин иштеп чыгуучуларынын бири катары кандай долбоорлор менен иш алып барып жаткандыктары тууралуу маалыматтарды да студенттерге берди.

Студенттер жана катышкан мугалимдер тарабынан кызыктуу суроолор берилди жана ар бир суроо жоопсуз калган жок. Негизинен лекция абдан кызыктуу өттү. Лекциянын жыйынтыгы менен Колдонмо информатика кафедрасы тарабынан уюшулган CASECLUBка программалоого кызыккан жана жөндөмдүү студенттер тандалып алынып атайын долбоорлор менен иштөөгө шарттар түзүлмөкчү.