21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

 

«Мамлекеттик тилдин абалы: көйгөйлөрү, чечүү жолдору»

аттуу республикалык студенттик илимий-практикалык конференция 2019-жылдын 21-февралында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде болуп өттү. Бул конференциянын негизги максаты 2019-жылдын 1-январынан Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгү мамлекеттик тилге өткөндүгүнө байланыштуу, студенттерге мамлекеттик тилдин маанисин, бүгүнкү күндөгү абалын түшүндүрүү менен чечүү жолдорун аныктоо болуп эсептелет.

      Конференциянын катышуучулары КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адиси Толукбаева С, КРнын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызтест” мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ү.Ибраимовалар катышып, куттуктоо сөздөрүн айтып, көйгөйлүү маселелерге токтолушту.     Республиканын жогорку окуу жайларынан тандалып алынган 20 баяндаманын негизинде талкуу жүргүзүлүп, конференциянын өзөгүн түздү.  Бул иш чараны массалык маалымат каражатына жайылтуу максатында УТРКнын Ала-Тоо программасынан келип интервью алып кетишти. Конференциянын максаты, деги эле мамлекеттик тилдин абалы канчалык деңгээлде экени тууралуу КЭУнун Окуу-усулдук иштери боюнча проректору Д.М.Турсуналиева, Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Н.Ж.Жапаралиева интервью беришти.

Калыстар тобунун мүчөлөрү жыйынтыгын чыгарганча концерттик программа тартууланып, аягында жеңүүчүлөр аныкталып, 1-даражадагы диплом менен М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун студенти Ибрагимов Илияз “Манас” эпосунун мобилдик тиркемеси” аттуу баяндамасы менен айырмаланып, 2-даражадагы диплом менен Ашымжан уулу Сүйөр “Улуттун улут болуп сакталышы анын тилинен көз каранды” аттуу, 3-даражадагы диплом менен К.И.Скрябин ат. КУАУнун студенти Эрнис уулу Нурлан “Мамлекеттик тилдин келечеги жаштарда” аттуу баяндамалары менен чыгып сыйланышты жана андан сырткары кызыктуу китептер белекке берилди. Ал эми алардын илимий жетекчилерине “Ыраазычылык баракчасы” тапшырылды.