«Информатика жана табигый илимдер дисциплиналары» окуу усулдук комиссиясынын жумалыгы

 

Экономика жана сервис колледжинде 4- марттан 7- мартка чейин «Информатика жана табигый илимдер дисциплиналары» окуу усулдук комиссиясынын жумалыгы болуп өттү.

Иш чаранын негизги максаты- бул студенттердин окууга болгон кызыгууларын арттыруу жана окутуучуларды активтештирүү болду.

Жумалыктын алкагында окуу усулдук комиссиясындагы окутуучулар ар кандай иш-чараларды өткөрүштү. Берилген жумалыкта өтүлгөн иш чаралар:

  • 4- мартта Тонуева Д. И. «Компьютердик графика» сабагы боюнча     ПИ-1-18 тайпасында ачык сабак;
  • 5- мартта Токтобай кызы К. «Кесиптик математика» сабагы боюнча СО-4-18 тайпасында ачык сабак;
  • 5- мартта Тонуева Д. И. «Гиперссылкалар менен иштөө» темасында колледждин окутуучуларына мастер класс;  
  • 6- мартта Жекшенова А. А. «Эсептөө машиналарынын архитектурасы» сабагы боюнча ПИ-2-18 тайпасында ачык сабак;
  • 6- мартта М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин «Колдонмо математика жана маалымат технологиясы» институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Супаева Г.Т. жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин «Колдонмо информатика» кафедрасынын башчысы,  экономика илимдеринин кандидаты, доцент Аманалиева М. О. «Экономикадагы санариптик технологиялары» темасында конок лекциясы окулуп, ПИ-1,2-18 жана ПИ-1-17 тайпаларынын студенттерине санариптик технология боюнча пайдалуу, актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды берип кетишти;
<>--7 мартта Хайитбоев Ф. И., Джоодатбеков С. Дж.  жана ПИ-1-17 тайпасынын студенттери Колледждин баардык адистиктеринин арасында Информатика сабагы боюнча «Акылдуулар» интеллектуалдык таймашын өткөрүштү. Бул таймашта СЭ-1-17, СЭ-2-17, СП-1-17, СТ-1-17, СФ-1-17, СН-1-18 тайпалары катышышты. Оюндун жыйытыгында I орунду СФ-2-17 тайпасынын «Сокол» командасы, II орунду СЭ-2-17  тайпасынын «Top Team» командасы, III орунду CЭ-1-17 тайпасынын «312» командасы алышты.  
            Жалпысынан жумалык колледждин студенттерине абдан кызыктуу, маңыздуу жана пайдалуу болду. 

Иш- чараларга колледждин жетекчилиги, окутуучулар,                  М.Рыскулбеков атындагы «Колдонмо математика жана маалымат технологиясы» институтунун  директору, «Колдонмо информатика» кафедрасынын башчысы катышып, өздөрүнүн жакшы сын- пикирлерин, ойлорун, каалоо- тилектерин  окуу усулдук комиссиясынын окутуучуларына айтышып өтүштү.