КЭУнун чыгаан айымы.

 

 

«Ала – Тоо айымдары» коомдук – экологиялык кыймылы, 12.02.2010 -жылы Роза Исаковна Отунбаеванын кеңсесинде, Кыргыз элинин көрүнүктүү айымдарынын катышуусу менен негизделип, Р.И. Отунбаевага кыймылдын эң алгачкы төрайымы болуу вазыйпасы арткан. 2010-жылы Р.И. Отунбаева убактылуу Өкмөткө кеткендигине байланыштуу, А.Т.Тойчуевна дайындалган. Ошол эле жылы сентябрь айында 2010 -жылы сентябрь айында Баргибаева Жыпаргүл Мухтаровна “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы болуп дайындалган

"Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы жыл мыктыларын аныктап келет. Аталган кыймыл быйыл мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп, коомго эмгеги сиңген 11 адамга наам ыйгарды. Түзүлгөн комиссия 2018-жылы "Жыл адамы" деп мамлекет башчы Сооронбой Жээнбековду тапкан. 

"Жылдын умай энеси" наамы Роза Айтматовага берилген. "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы 9 жылдан бери "Жыл адамы", "Ала-Тоо айымы", "Ала-Тоо мырзасы", "Мыкты үй-бүлө" деген наамдарды берип келет.

Ошондон ушул күнгө чейин ар бир жылы 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата мамлекетибиздин тиреги болгон лидер аялдардын эмгегин баалап, сыйлыктарын берип келет. Айрыкча мугалимдик, дарыгерлик кесипти аркалаган аялдардын эмгегин өз учурунда баалап, сыйлап турууну туура көрүшөт. Дал ошол сыйлыкка биздин окуу жайдан да татыктуусу табылды. Ал М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жапаралиева Назира Жакыповна деп табылды.

Назира Жакыповна педагогикалык тармакта талыкпай эмгектенип келе жатканына 29 жыл толду.

         Назира Жакыповна Кыргыз экономикалык университетинин мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасын 2008-жылдан бери жетектеп келе жатат. Назира Жакыповна келген күндөн тартып, жаш жетекчи катары талыкпастан эмгектенип, натыйжада, КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын окутуучуларынын окуу жүгүнүн аздыгына байланыштуу “Манастаануу” сабагын киргизип, ал боюнча окуу программасын жана методикалык колдонмосун иштеп чыкты. Андан сырткары “Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү” аттуу китебин иштеп чыгып, студенттер жана ЖОЖдор арасында алгылыктуу пикирге ээ болду.

         2006-жылы “Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү, чыгармачылыгын окутуу процессинде окуучулардын адабий эстетикалык билимдерин өркүндөтүү” деген темада (13.00.02) кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

          Азыркы учурда 45тен ашуун илимий макаласы, 2 методикалык колдонмосу жана 1 студенттер жана ЖОЖдор үчүн китеби, 1 окуу китеби жарык көрдү.

         Жапаралиева Назира «Мамлекеттик тилди үйрөтүү», «Көркөм сөз чеберчилиги» «Манастаануу» деген предметтерди жогорку деңгээлде окутуу менен студенттер арасында да кадыр – баркка ээ болуп келе жатат.

          2009-жылы Жапаралиева Назира Жакыповна Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн отличниги” сыйлыгын алган.

          Жапаралиева Назира педагогикалык жактан чеберчилигин өркүндөтүп, 2010-жылдын 2-23-июнь айында “EDNET” тарабынан уюштурулган дасыгын жогорулатуу курсунан өтүп, сертификатка ээ болгон.

 “Кыргыз тили” аттуу методикалык колдонмого, дипломдук иштерге, окумуштуулук даражаны изденип алуу үчүн авторефераттарга рецензияларды жазган.

2011-жылдын ноябрында Жапаралиева Н.Ж. КР УАКнын чечими менен “Педагогика илимдеринин доценти” наамын алган. (ДЦ №001760 11.11.11.)

           2017-жылдын 5-8-июнунда БУУнун (ООН) Жогорку Комиссары башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Единство в многообразии: Педагогические подходы и технологии” курсуна катышып, сертификатка ээ болду.

           2017-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комитетинен экономикалык багыттагы сөздүктөрдүн түрлүү терминдерин иретке келтирүү, грамматикалык жактан карап чыгуу боюнча КРнын Салык кызматы, Бажы кызматы, Каржы министрлигинин сөздүктөрүн карап, такшалтмадан өткөн.

        2018-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана И.Арабаев ат.КМУнун “Жаштарды тарбиялоодо Ч.Айтматовдун чыгармаларынын ролу” аттуу форумга катышып, сертификатка ээ болгон. 2018-жылдын май айында КРнын Америка элчилиги тарабынан уюштурулган курска катышып, англис тили боюнча сертификат алды.

        М.Рыскулбеков атындагы КЭУга кошкон салымы үчүн эки жолку юбилейлик медалга ээ болгон. (Күбөлүктүн №56, №74)

        КРнын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган. (Күбөлүктүн №135)

        Мына бүгүн, Кыргыз Республикасынын “АЛА-ТОО АЙЫМДАРЫ” коомдук экологиялык кыймылдын төш белгиси менен сыйланып отурат.

        Урматтуу Назира Жакыповна Сизди, КЭУнун жалпы эмгек жамааты алган сыйлыгыныз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, бакубат жашоо каалайбыз!