Тургунбай Садыков музейине саякат

Тургунбай Садыков музейине саякат

         Ар бир жогорку билимдүү инсан ар тараптан өнүккөн, искусствону сүйө билген, маданиятты сыйлай билген инсан болуусу абзел. Кыргыз тили жана адабияты сабагында студенттердин сүрөт, скульптура, музыка, кино тармагындагы кругозорун кенейтүү максатында  окуу программасында каралган темаларга ылайык музейлерге, театрга, китепканаларга ж.б. маданий жайларга студенттер менен биргеликте саякатка баруу каралган.

         Ага ылайык, 2019-жылдын 15-мартында М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун БД-1-18 тайпасы Бишкек шаарындагы Тургунбай Садыковдун скульптуралык музейине бардык.

         Студенттер алп скульптор, академик Т.Садыковдун эмгектери менен жакындан таанышышты, ошондой эле, Тургунбай Садыков  менен жоолугушуп, анын менен баарлашты. Музейдин илимий кызматкери Дария Кайбылдаеванын баяндоосунда экспонаттарды көрүп, алардын ар биринин жасалуу тарыхы жана Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандардын айкелдери менен таанышты.