КЭУда Франкофония жумалыгы

                            

 

     2019-жыл  11.03 - 16.03 чейин  Бишкекте  La Semaine de la Francopfonie  Франкофония жумалыгы  болуп өттү.  Франкофония жумалыгы Кыргызстанда 15 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Ал эми Франкофония деген сөз өзү 1880 жылдары чыккан.  Мындай сөздүн чыгышы  Түндүк Африканы жана Францияны изилдеген - француз географы   О.Реклю тарабынан болгон. Ал адамда  дүйнө элдерин жашоосунда күнүнүмдүк турмушта колдонулуучу  тилдерине карата  бөлүштүрүү ой-максаты  пайда болгон.

    Демек, Франкофония деген сөз- Француз тилде сүйлөөчү дегенди билдирет десек да жаңылышпайбыз. Ал эми бүгүнкү күндө Дүйнө жүзүнүн беш кантинентинде 3миллиондон ашык элдер француз тилинде сүйлөшүшөт.

      Француз тили дүйнөдөгү эң бир кооз жана уккулуктуу тил экендиги баарына маалим. Дал ушул жалпы дүйнө тили болгон француз тилине кызыгууларды арттырып,  үйрөнүүгө шарт түзүп, кызыктыруучу ар кандай  түрлүү  иш-чараларды  камтыган “Франкофонияны жумалыгын” башкача айтканда Франкофония майрамын - Кыргызстандагы Француз Республикасынын Элчилиги, Бишкектеги Француз Альянсы, Швецария мамлекетинин элчилиги, Белгия өлкөсүнүн элчилиги, Евро Биримдиги менен ишке ашырылып олтурат. Жыл сайын кеңири майрамдалуучу бул иш чара,    франциянын маданиятын, тарыхын, салтын, ар кандай оюндарын  жайылтууну жана ар түрлүү, эң бир кызык конкурстарды дагы өткөрүүдө.

Ал эми жаңы кинолор ар бир көрүүчүнүн көңүлүндө калып, ойго салуучу жагдайларды сүрөттөгөн.

    Быйылкы (11.03 -16.03. 2019ж )  19 ар кандай маданий  пайдалуу жана кызыктуу өткөрүлгөн  иш-чараларды  жыйынтыктоо кечеси бишкектеги Россия кино театрында  өткөрүлдү. Франциянын  Элчиси Микаэль РУ өзү, Швецария жана Евро Биримдигинин өкүлдөрү менен бирдикте ар кандай конкурстардын жеңүүчүлөрүнө 38   белектерди тапшырышты.  “Кофенин өңүндөй” киносунан кийин жалпы эле киного жана Франкофония жумалыгынын жыйынтыктоочу кечесине келгендерге таттуу сый тамактарын  тартуулашып  Бишкектиктер    күбө болушту.

         Франкофония  жумалыгы Кыргызстанда  башталган жылдарда  эле биринчилерден болуп М.Рыскулбеков атындагы  Кыргыз Экономикалык Университети кызматташууга өткөн. Жыл сайын  «La  cuisine française»

 «Франция элдеринин тамак-ашы»  КЭУ да өткөрүлүп келген.  Мындай көрүнүш   биздин студенттер менен бирдикте франциянын тамак ашын өз колдору менен француз туугандардын катышуусу жана өз колдору менен даярдап,  келген баардык конокторго тартууланып туруучу. Дүйнөдөгү улуу мамлекет,  тамак-ашынын таттуулугу жана ар-түрлүүлүгү,өзгөчөлүгү боюнча биринчи орунда турган француз элдеринин тамак ашын жазоонун сырларын үйрөнгөн болсо, эки жылдан бери КЭУ нун чоң залында  француз ырларынын чечүүчү конкурсу өткөрүлүп жатат.

        2019жылы  14-мартта саат 14.00 М.Рыскулбеков атындагы КЭУтетине Бишкектин  мектептеринен  жана ар кайсы ЖОЖдордон келген  француз ыр күйөрмандары агылып келип жатышты. Ыр конкурсуна арналган кечеге Француз  Республикасынын  Кыргызстандагы элчиси Микаэль РУ колуктусу Татьяна  РУ  өзү келип, КЭУнун ректораты менен мындан ары дагы тыгыз кызматташшуунун    улантууну сүйлөшүштү.

     Быйылкы  бул конкурска катышуучулардын саны жылдан жылга өсүп биздин кыргызстандыктардын  дүйнө жүзүнө белгилүү улуу держава  Франция мамлекетинин тилине,   маданиятына,  ырына болгон жаштардын кызыгуусу  алда канча көп өскөндүгү анык болду. Мындай өтө кызыктуу жана пайдалуу   “Француз ыр конкурсуна” 2019ж14.03 күнү КЭУга катышуучулар  Бишкектеги №26чы,  №24,  №12,  №6 ,  №95  жана билимкана өздүк мектебинин окуучулары жана  ЖОЖдун КЭФ , КАФ, КНУ, КГМА, КЭУ нун студеттери катышышты. Ал эми булардын  көптөгөн башка күйөрмандар келип эң сонун француз ырларын угуп маданий дүйнөнүн толкунунда , жан дүйнөсүнө жагымдуу азык алып кайтышты. Бул иш чарага  убактысын аябастан, өздөрүнүн мектеп окуучуларынын, студенттеринин күйөрман болуп, аларга кайдыгер карабаган  бардык окуу жайладын  француз тили мугалимдери келип катышышты.ЖОЖдун мугалимдери; КНУнун чет-тилдер факуьтетинин  француз-тили кафедрасынын жетекчиси  профессор  Акчекеева М.С.  мугалимдери менен,  КНУнун Кыргыз Европалык Факультетинин доценти Ахметова Р.А. жана башка белгилүү француз тил мугалимдеринин тил адистиги эмес Экономикалык Университетине келиши сыймык туудурду.

     Ошондой эле   Кыргыз Европалык Факультетинин ага окутуучусу Мурзакматова.Ж. 1чи жана 3чү орунду ээлеген студенттери :

          1чи орун  Курумшиев Канат  « Koma-Avec s’qu’on vit », 

          3чү  орун Эгембердиева Алия   « Indila -Run-run » менен сыймыктанып

              кубанып турду

     Ал эми 2-чи орунду  КЭУ нин  ФК-1-18 группасынын студенткасы  Айзада Кудушева «Indila- mini world »  француз ырын эң сонун ырдап, утуп алды. Ал француз тилинин тыбыштарын туура айтылышын  5 күндө үйрөнгөнүн  айтып көрүүчүлөрдү таңдантты  жана  мугалими  КЭУнун чет-тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Бектурова Ч.Ж.ын  атын атады.

 Жалпы эле Франкофония  жумалыгын Бишкекте өткөрүлүшү жалдан жылга канатын жайып, француз тилин сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырууда. Француз Республикасынын Элчилигинин өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору катары  каада салтын маданиятын тарыхын көрсөткөн иш- аракеттери бизди ар дайым кубандырат  жана маданий кызматташууга ийгилик каламакчыбыз.

 

           18.03. 2019ж. КЭУ нун чет-тилдер кафедрасы. Француз-тили  ага окутуучусу

           Бектурова.Ч.Ж.