«Нооруз» майрамына арналган Экономика жана сервис колледжинин СЭ-3-17 тайпасы уюштурган «Кел Ноорузум, Ноорузум» атту ачык куратордук сааты.

   

2019-жылдын 19-мартында Кыргыз экономика университетинин экономика жана сервис колледжинде СЭ – 3 -17 тайпасы уюштурган Нооруз майрамына карата  «Кел Ноорузум, Ноорузум» темасында ачык куратордук саат өттү, куратору Абыкеева Жыпара Эшеновна.

         Куратордук саатта  кыргыздардын улуттук тамак ашы боюнча студенттердин  көргөзмөсү, концерттик программа,  кыргыздардын адаттары жана кыз узатуу боюнча каада-салттарды чагылдырышты жана ошондой эле белгилеп кете турган нерсе, куратору студенттери менен кошо  улуттук  кийимдерди кийип  куратордук саат тарбия жагынан дагы өтө манилуу экенин билдирип турду.