М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын доценти Н.Ж.Жапаралиева ФК-1-18, М-1-18 тайпаларын Тургунбай Садыков атындагы скульптуралык музейге алып барып, академик Т.Садыковдун эмгектери менен тааныштырды.

Бул жана башка музейлер менен тыгыз байланышта болуп, көп жылдардан бери кызматташып келет. Мындай саякаттын негизги максаты студенттердин ой таанымын, дүйнөгө болгон көз карашын, эстетикалык табитин өстүрүү болуп эсептелет. Бул жолку саякат, академик Тургунбай Садыковдун өзү менен кездешип, студенттер жакындан таанышып, баарлашуу менен аяктады. Мындай белгилүү инсан менен баарлашуунун өзү байлык. Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын окутуучулук жамааты сабак менен айкалыштырып, белгилүү инсандардын үй музейине, мисалы, “Ч.Айтматовдун үй музейи”, “И.Раззаковдун үй музейине”, “А.Осмоновдун үй мүзейине” жана Г.Айтиев атындагы искусство музейине жана башкаларга студенттерди үзбөй алып барып турушат.