Санариптик доордо кесип тандоого багыттоо

   Кесипке багыттоо иштерин жүргүзүү максатына ылайык 2019-жылдын 30-мартында Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институтунун жамааты кабыл алуу комиссиясы жана жаштар комитети менен биргеликте А Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназияда өтүп жаткан республикалык олимпиадага келген окуучулар менен жолугушуп келишти. М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университети тууралуу маалыматтар мугалимдер жана барган студенттер тарабынан берилди жана концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле “Колдонмо информатика” кафедрасы тарабынан маалымат технологиялары боюнча “Санариптик ачылыш” интеллектуалдык оюн уюштурулуп окуучулардын кызыгуусун арттырды. Интеллектуалдык оюнга активдүү катышкан окуучуларга университеттин сертификаты жана белектер тапшырылды.