




А.Орузбаев атындагы Илимий китепканада “Китеп – билим алуу жолундагы баалуулук” аттуу кече болуп өттү
23- апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун Илимий Китепканасында э.и.д., профессор Т.К. Камчыбековдун жана э.и.д., профессор К.А. Атышовдун 70-жылдык мааракелерине арналган иш-чарада “Китеп – билим алуу жолундагы баалуулук” экендиги дагы бир жолу даңазаланды.
Кечеде окуу жайыбыздын ректору, профессор Т.К.Камчыбеков, проректор, профессор К.А. Атышов, чакырылган конокторубуз: китепканалар бирикмесинин жетекчиси, И.Арабаев атындагы Илимий китепкананын директору Н.А. Давлетьярова, Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун өкүлү С.К. Темиралиев, “ Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси Ж.С. Кадыров китеп окурмандарына китептин баалууктары жөнүндө кеңири айтып беришти.
Азыркы мезгилде маалымат-технологиялары өнүгүп, билим алууда интернет, массалык- маалымат каражаттары кулачын кенен жайган менен китеп өз ордун жоготпой тургандыгына дагы бир жолу күбө болдук. Китепти көп окуган адам билимдүү, ыймандуу, адептүү, маданияттуу болору айтылды.
Иш-чарабыз ректор Т.К. Камчыбеков, проректор К.А. Атышов, окуу жайыбыздын профессордук- окуутучулар курамынын, студенттердин Илимий китепканын китеп фондусуна белекке берген баалуу китептеринин көргөзмөсү менен коштолду.