26-27-апрелде 2019 – жылы И.Арабаев атындагы КМУда немец тили мугалимдеринин XIII-сьезди болуп өттү.

Сьездге Кыргызстандан 300го жакын ЖОЖдун жана мектептердин мугалимдери каттышышты. Сьезд «Немец тили – келечектин тили» деген ураанда өттү. Иш чара Германиянын Кыргызстандагы Элчилигинин, ДААДтын, Немец тили мугалимдер союзунун, И.Арабаева атындагы КМУнун Лингвистика Институтунун, Алматыдагы Гете Институттун, Бишкектеги Гете Институттун немец тили борборунун, Чет өлкөдө мектептерде билим берүү боюнча борбордук мекемесинин колдоосу менен өттү.

Сьездде куттуктоо сөздөру менен төмөнкүлөр сүйлөштү:

1. И. Арабаев атындагы КМУ ректору, профессор Т.А. Абдрахманов.

2. Германиянын Кыргызстандагы Элчиси - Моника Иверсен

3. ДААДтын Координатору – Катя Тевс

4. Алматыдагы Гете Институттан– Констанце Крюгер

5. Бишкектеги Гете Институттун тил борборунун директору Атакеева Айнагуль

6. Кыргыз Республикасынын немец тили мугалимдер союзунун президенти Мамбетова Замира

Съездде мугалимдер методика жана дидактика боюнча жаны усулдук ыкмалар менен таанышып, иш тажрыйбалары менен алмашышты. Ошондой эле чет элдик спикерлердин докладтарын угушту. Биздин чет тилдер кафедрасынан немец тили боюнча ага окутуучу Омурзакова Койсунай Турдубаевна катышып сертификатка ээ болду.