




25 -апрельде 2019жылы “Талант кесип тандабайт” аттуу чет тилдер кафедрасы өткөргөн иш-чарада Бектурова Чынаркандын “Поэзия кечеси” болуп өттү.
М.Рыскулбеков атындагы Экономикалык Университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору КамчыбековТөлөбек Кадыралиевич, Улуттук илимдер Академиясынын мүчө корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, юрист,экономика илиминин доктору, профессор Исманов Акматбек, Экономика илиминин кандидаты, профессор КЭУнун мамлекеттик тил жана илимий иштер боюнча проректору Атышев Көбөгөн Атышевич сөз сүйлөштү.
Ошондой эле коноктор: КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы Молдоканов Аалы, белгилүү акын, журналист, юридикалык илимдеринин кандидаты, мурдагы “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору, азыркы КРсынын конституциалык сотунун судьясы, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Саалаев Жедигер Ибраимович, КТРКнын программалар бөлүмүнүн координатору, КТРКнын отличниги, КР маданиятынын отличниги жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Камчыбекова Гүлүпа, белгилүү акын жана кинематограф, жана турак-жай коммуналдык, чарба мамлекеттик агенттигинин курулушту сертификаттоонун республикалык борборунун директорунун орун басары , КР Ардак грамотасынын жана КРнын “Ардактуу курулушчу” орденинин ээси Сагынбекова Малина, белгилүү драматург, акын жана кинематографист озбек, кыргыз биргелешип тарткан Чынгыз Айтматовдун “Делбирим” киносунун, “ Кокуй кошуна”, “Көпөлөк” аттуу кинолорунун автору Керээз Зарлыковалар сөз сүйлөшүп, КЭУнун жааматына ушундай жакшы кече уюштургандыгы үчүн жана поэзия кечесинин авторуна жакшы каалоо-тилектерин айтып өтүштү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Бектурова Чынарканды КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ишекеев Н. ГРАМОТА менен сыйланды.