Үстүбүздөгү жылдын 17-майында А. Осмонов атындагы Кыргыз РеспубликасынынУлуттук китепканасы 85 жылдык юбилейлик мааракесин белгиледи.

            А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананы – китепкана ишинин тарыхында өзгөчө орунду ээлеген,  улуттук маданияттын көч башы, билим таратуучу, илим-изилдөө иштеринин жана маданий-массалык баалуулуктардын ордосу деп билебиз. Ал өлкөбүздөгү гана эмес, Борбордук Азиядагы чоң китепканалардын бири.

            М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, э.и.д., профессор Т.К.Камчыбеков А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жетекчилигине жана кызматкерлерине жеке өзүнүн жана окуу жайыбыздын жамаатынын атынан куттуктоо жолдоп, китептерди белекке берди. КЭУнун А.Орузбаев атындагы Илимий китепканасынын кызматкерлери бул иш-чарага катышып келишти.