Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” өнөктүгү Республикалык дегээлде болуп өттү

Республика боюнча өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” өнөктүгү расмий жыйынтыкталып, Бишкек шаары боюнча жат жазууда эң жакшы баага татыган катышуучуларды сыйлоо аземи 24-майда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлдү. Жазуусу “5” ке бааланган 63 катышуучуга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдорун жана сыйлыктарын төрага Назаркул Ишекеев жана Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков тапшырып, куттуктады. 

“Сабаттуу бол” өнөктүгүндө өзүнүн сабаттуулугу менен үлгү болуп бере алган жана эң жакшы баага татыган М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун «Колдонмо математика жана маалымат технологиялар» институтунун директору, э.и.к Супаева Гүлназ диплом жана баалуу белек менен сыйланды.

Мындан сырткары иш-чараны өткөрүүгө зор салым кошкон жана жат жазууну текшерүү курамынын мүчөсү М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун «Мамлекеттик жана расмий тилдер» кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Жапаралиева Назира Жакыповнага “Ыраазычылык барагы” ыйгарылды.