




М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кичи жыйындар залында “Тил – улуттун түгөнгүс кенчи” аттуу тегерек стол өткөрүлдү
2019-жылдын 26-сентябрында саат 10:00дө М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кичи жыйындар залында “Тил – улуттун түгөнгүс кенчи” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек столдун максаты – мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата эне тилибиздин бүгүнкү күндөгү абалын, тилдин актуалдуу көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнү ишке ашыруу маселелерин талкуулоо.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н.И.Ишекеев жана башкы адиси Ишеналиева А, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын доктору, профессор К.К.Добаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г. Ибраимова, Бишкек шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынан (И.Арабаев атындагы КМУ, И.Ахунбаев атындагы КММА, К.И.Скрябин атындагы КУАУ, КМДСА, БААУ ж.б.) окуу жайлардан тилчи окумуштуулар, окутуучулар, ММК өкүлдөрү, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору К.А. Атышев, КЭУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты.
Иш-чара кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу, мектептер менен орто кесиптик окуу жайлары жана жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү багытындагы байланышты күчөтүүгө багытталып, эне тилдин көйгөйлүү маселелери, келечектеги жолдору каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку профессионалдык билим берүүнүн Мамлекетттик стандартына киргизилген “Кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынын программасы”; ЖОЖдордогу мамлекеттик аттестациялык комиссиянын алдындагы мамлекеттик комплекстүү экзаменди тапшырууда тесттик тапшырмалар талкууланды. Тегерек столдун жыйынтыгында төмөндөгүдөй
РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ:
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамына ылайык ЖОЖ жана орто окуу жайларынын иш кагаздарын толук түрдө мамлекеттик тилге өткөрүү;
- КРнын ЖОЖдорунда Кыргыз тили жана адабияты сабактары (дисциплинасы) боюнча билим берүү стандартын, типтүү программасын иштеп чыгуу;
- КРнын жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде билим берүү иштерине өзгөчө маани берүү, адисттик багыттар боюнча сабактарды кыргыз тилинде окутуу;
- ЖОЖдордо, орто кесиптик окуу жайларда багыттар, адистиктер боюнча мамлекеттик тилде билим берүүдөгү, тарбиялоодогу алгылыктуу практикалык тажрыйбаларды, инновациялык жетишкендиктерди жайылтуу жана өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү, ошондой эле кошумча факультативдик сабактарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тилди өнүктүрүү, актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо максатында конференция, тегерек столдорду уюштуруу, үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жана массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу;
- Кыргыз тилинде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, деңгээлдерге бөлүү менен окутуу;
- Студенттердин курстук, дипломдук иштерин, магистрдик диссертацияларын мамлекеттик тилде жазылышын кеңири жайылтуу;
- Университеттерде, институттарда, колледждерде жана мектеп-лицейлерде мамлекеттик тилди окутуу усулун өркүндөтүү;
- Кыргыз тили сабагы боюнча Ачык билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу, интернет булактарына жайылтуу;
- Окуу жайлардын арасында тажрыйба алмашуу байланыштарын кеңири жайылтуу.
- Эне тилди окутуу аркылуу улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо.