ЖОЖдор арасындагы “Тамчы” интеллектуалдык оюнунда КЭУнун байгелүү орунга ээ болушу менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата өткөрүлгөн “Тамчы” интеллектуалдык оюнунда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Мурас” тобу 3-орунду ээлеп, баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Бул иш чара эки бөлүктөн туруп, биринчиси илимий баяндама сынагынан Шафахатбекова Нуриза ЖОЖдор аралык конкурста 3-орунду ээледи. Ал эми “Тамчы” интеллектуалдык оюну 3 турдан түзүлүп, “Мурас” тобу өзүнүн жигердүүлүгүн жана ыкчам ой жүгүртүү жагынанан айырмаланды. Топ башчысы Кочоров Сыймык, топ мүчөлөрү: Акылбекова Акбермет, Касымбек кызы Махабат, Бакытбекова Салтанат болгон топ дагы 3-орунду ээлешти. Топту даярдаган жетекчилер мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын окутуучулары Н.Ж.Жапаралиева жана Б.К.Адыловалар болушту.

         Урматтуу Назира Жакыповна жана Бактыгүл Кыдыкбаевна сиздерге чыгармачылык ийгилик каалап, КЭУнун беделин көтөрүүдө дагы албан-албан жетишкендиктерди каалайбыз жана “Мурас” тобуна ыраазычылык билдиребиз!