Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленүүдө.

Ошондой эле, быйыл Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө. Анын алкагында Экономика жана сервис колледжинин «Каржы» жана «Экономика» адистеринин студенттерине тарых илимдеринин кандидаты, КР Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы Кубатова Аида Эсенгуловна «Абдыкадыр Орозбековдун Кыргыз совет  мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы ролу» аттуу темасына лекция окуду.  А. Кубатова студенттерге  А. Орозбеков Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө бүт өмүрүн арнаган мамлекеттик ишмер тууралуу кенен баяндады. Лекциянын аягында А. Кубатова студенттерге өзүнүн китептерин белек кылды. Экономика жана сервис колледжинин мугалимдери А. Кубатовага чоң ыраазычылык билдирет.