МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖУМАЛЫГЫ

Келечектен жаңылбаш үчүн,

өткѳндү жакшы билишибиз керек

(Т. Усубалиев)

    2019-жылдын жетинин айынын 27синде Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институтунун Колдонмо информатика кафедрасы тарабынан “Маалымат технологиялар” жумалыгына жана чыгаан мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата университеттин кичи жыйындар залында иш-чара  өткөрүлдү.

    Иш чарада КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин эксперти долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси Аманатов Ч.К. “Санарип Кыргызстан: Мамлекет платформа катары”, КР өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Садыкова Ж.Д. жана Мукулов Э.М. “Передача прав на объекты интеллектуальной собственности и права пользования компьютерных программных продуктов”,  Жаш ишкер Нурсултан Медеткулов “YouТube аркылуу кантип каражат табууга болот?”  аттуу лекциялары менен университеттин окутуучулар курамына, студенттерге санариптик технология боюнча пайдалуу, актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды берип кетишти. Конок лекцияларды кафедра башчысы Аманалиева М.О. жана кафедранын доценти Ногоева Г.Д. уюштурушту.

    Ошондой эле чыгаан мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын  100 жылдыгына арналган студенттер арасында өткөрүлгөн “Т.Усубалиев 100 жашта” видеороликтердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Сынакта:

Гран При БИ-1-17 тайпасы;

I орун БИ-1-19 тайпасы;

II орун БИ-1-16, ТА-1-19 тайпалары;

III орун БИ-1-18, БУ-2-19 тайпалары орундарга ээ болушту.

Тайпалар диплом жана кафедра окутуучулары тарабынан уюшулган акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле университеттин  мамлекеттик тилдер жана илим боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Атышов К.А. Гран при алган тайпага өзүнүн атынан акчалай сыйлык берди.

Ошентип, өткөрүлгөн иш-чара студенттерге жакшы тажрыйбаларды көрсөтө алды.