Илимий методикалык семинар

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11 январындагы №1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү уюмдарынын илимий потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн сунуштарды даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ошонун ичинен М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети методикалык борбор жана калктуу конуштар жөнүндө санариптик маалыматтар массивинин депозитарийи катары аныкталган.
Ушунун негизинде жетинин айынын 28синде М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде профессордук-окутуучулар курамы менен илимий методологиялык изилдөө иштерди жүргүзүү бонча семинар болуп өттү. Семинарга КР Өкмөтүнүн аппаратынын аймактарды өнүктүрүү секторунун эксперти Калмырзаев Мирбек Темирбекович, аймактарды өнүктүрүү секторунун эксперти Шамыралиев Жыргалбек Джумадилов, КР экономика министрлигине караштуу илимий институттун директору Исанов Алмаз Насирдинович келишип региондорду өнүктүрүүнүн приоритеттүү жолдорун, б.а. региондордо административдик-территориалдык реформасы, региондорду өнүктүрүүнү финансы жактан камсыздоо, мамлекеттик башкаруунун жолдору тууралуу кеңири айтып беришти. Негизги максат мындан ары региондорду өнүктүрүүдө М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен биргеликте иш алып баруу болду.