2019-жылдын 22-ноябрында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Китепканадагы кадыр түн – 2019” аталашындагы иш-чара болуп өттүү

Бул иш-чарага Муса Рыскулбеков атындагы КЭУнун студенттери китепкана кызматкерлери менен чогуу барып катышып келишти.
Бул иш-чара студенттерди китеп окууга үндөй турган коомдук-маданий иш-чара болуп эсептелет. Ушул эле иш-чаранын алкагында элчиликтердин, эл аралык коомдук уюмдардын, улуттук маданий борборлордун жана бириккен жаштар уюмунун өкулдөрү менен жолугушуулар болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун чыгып сүйлөгөн сөздөрү студенттерге терең таасир калтырды. Ал өз сөзүндө китепкана адамдарды руханий жактан азыктандыра тургандыгын, китепти көп окуу менен алар билим менен илимдин бийиктигине жетишээрин баса көрсөттү. Биздин студенттер кытай маданий борборунда болушту.
Ошондой эле “Китепканага бекер жазылуу” акциясы аркылуу биринчи курстун 35 студенти бекер окурмандын билетине ээ болушту.