CRNC 2019 эл аралык конференцияга катышуу

CRNC  2019 эл аралык илимий конференцияга Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институтунун директору Супаева Г.Т. жана Колдонмо информатика кафедрасынын башчысы Аманалиева М.О. жана Маалымат технологиялар борборунун директору Жаныбек у А. катышып келишти. Конференцияга КР Европа союзунун элчиси Э. Ауэр, КР Германия Федерациясынын элчиси П М. Иверсен жана ошондой эле Орто Азия мамлекеттеринен өкүлдөр келип катышышты.

Бул долбоор Кыргызстан жана бардык Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн билим берүү жана илим өнүгүшү үчүн абдан маанилүү жана актуалдуу болуп саналат. Эки күндүк жыйында изилдөө жана жогорку кесиптик билим берүүнүн заманбап МКТ кызматтары тармагында акыркы абалдар жөнүндө жана жакынкы жылдары туруктуулук маселеси боюнча талкуулар болду.