2019-жылдын 29-ноябрында «Каржы дисциплиналар» ОУКтун окутуучусу Абдыкасымова А.Ч. «Каржы (тармактар боюнча)» кесиби боюнча СФ-1-19, СФ-2-19 тайпалары менен биргеликте КИКБ банкынын ачык тренингдерине активдүү катышып келишти.

Тренинг окутуучулар жана студентер үчүн «Банк кредитинин түрлөрү»  темасында өтүлдү.   Студенттер активдүү катышып өз суроолоруна ачык жана толук маалымат ала алышты. Тренерлер ЖАК КИКБ банкынынын   адистери Мусилинова Нуржан жана Игембердиев Мухтар банк кредитинин түрлөрү  боюнча терең маалымат беришти. Ошондой эле, Мусилинова Нуржан биздин окуу жайдын бүтүрүүчүсү экендиги кубандырат.

Сүйлөшүүлөрдүн негизинде жогорудагы тренерлер Экономика жана  сервис колледжине келип сабак  өтүп беришери айтылды.