Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына жана Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган «ХХ кылымдын 20-80-жылдарындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эволюциясы» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2019-жылдын 22-ноябрында саат 10:00дө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кичи жыйындар залында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин мамлекеттик жана расмий тилдер, философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедралары тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайларында Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына жана Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган «ХХ кылымдын 20-80-жылдарындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эволюциясы» аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын максаты – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү, өтүү баскычтары жана эволюциясынын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана келечек муундарга өмүрү өрнөк инсандарды үлгү кылуу.

Конференцияга Мамлекеттик жана коомдук ишмер Апаз Жумагулов, КЭУнун ректору А.Т. Кадыралиев, проректорлор К.Атышев, К.Алымбековдор, профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер катышышты, Т. Усубалиевдин шакирти Жумагул Сааданбеков “Т. Усубалиев” аттуу китебин окуу жайыбыздын китепканасына тапшырды.
Пленардык жыйналышта А. Жумагулов замандашы Т. Усубалиевдин ишмердүүлүгү, өлкөбүзгө кошкон салымы тууралуу эң кызыктуу маалыматтарды студенттерге айтып берди, андан сырткары, Абдыкадыр Орозбековдун ишмердүүлүгү тууралуу кенен баяндама жасап берди.
Андан соң, студенттер Кыргыз мамлекетинин коомдук ишмерлери А.Орозбеков жана Т.Усубалиевдердин кызматы, өмүр жолу жөнүндө баяндамалары менен тааныштырып, жыйынтыгында резолюция кабыл алышты. Иш чаранын соңунда кызыктуу баяндамалары үчүн студенттер менен бирге илимий жетекчилери да сертификаттарга ээ болушту.