“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине

Жакында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университитин студенттери (ФК-1-2-18, БД-1-18, БУ-1-2-18, МЭ-1-18) Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын доценти Д.Ш.Мырзадаирова, ага окутуучулар Б.К.Адылова, К.А.Абдраимов менен биргеликте “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине саякат сабакка барып келди.
Саякат сабактын максаты: коомдук-тарбиялык иш чара аркылуу жарандык жана тарыхый аң сезимдерин өстүрүү.
Ар бир студент Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү, эркиндик, көз карандысыздык үчүн жанын берген улуттун уул-кыздары тууралуу маалыматтарыга ээ болуулары керек.
“Ата-Бейит” комплекси 3 гектарга жакын аймакты камтып, анда скульптуралык композициялар, 1938-жылдагы репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик-мемориал, Ч.Айтматовдун эстелиги, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда каза болгондордун элесине жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын курмандыктарына арналган эстелик-мемориал менен таанышты.
Студенттер өз кызыгууларына жараша суроолорду берип, жаңы маалыматтарды ала алышты. Курман болгон 137 инсандын өмүр таржымалы менен таанышты. Андан соң адамдар көмүлгөн жерге, кирпич заводуна, чыгып ал жерди көрүштү.