Экономика жана сервис колледжинде 2019-жылдын 13-декабрь күнү СО-1-19 тайпасы “Сүймөнкул Чокморов- кыргыз эл кырааны” темасында ачык куратордук саат өтүштү.

“Жүзүнөн, жүрөгүнөн жанган нуру,

Жан элеӊ, күндөй жаркын, гүлдөй сулуу.

Кыт болуп уюгансып көӊүлдөргө,

Кыргыздын кыйын чыкма Сүймөнкулу!”

Белгилүү сүрөтчү, кино актер, кыргыз элинин сүймөнчүлүгү болгон Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата, Экономика жана сервис колледжинде 2019-жылдын 13-декабрь күнү СО-1-19 тайпасы “Сүймөнкул Чокморов- кыргыз эл кырааны” темасында ачык куратордук саат өтүштү.

Куратордук ачык сабакта студенттер жана келген коноктор Сүймөнкул Чокморовдун өмүр баяны, тарткан сүрөттөрү, актердук ишмердиги, үй-бүлөөсү менен кенен тааныша алышты.

Сүймөнкул Чокморов белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармаларында башкы каармандардын ролун жараткан. Алардын бири “Жамийля”жана “Кызыл алма”кинотасмасынан үзүндү аткарышты.

Куратордук ачык саатты жыйынтыктоонун негизинде келген конокторго суроолор берилип туура жооп бергендерге  белектер тапшырылды.

Куратордук ачык сабактын максаты:Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз элинин атактуу инсандарынын бири экендигин даӊазалоо жана 80 жылдыгын белгилөө.

Өркүндөтүү максаты:Кыргыз элинин маданияты жɵнүндɵ билимдерин ɵркүндɵтүү.

Тарбиялык максаты:Патриоттук сезимин, кыргыз элинин тарыхын, байлыгын сезүү, ата мекенге болгон сүйүүсүн күчɵтүү

Куратору: “Технология жана соода» ОУКнын окутуучусу Бакирова Наргиза Каныбековна