Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 19-20 –декабрь күндөрү окуучулардын предметтик (2 баскычы) олимпиадасы өткөрүлдү.

Бул олимпиадага М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Экономикадагы математикалык ыкмалар” кафедрасынын ага окутуучусу Мирлан Кенжебаев, Ак-Талаа районунун акимдин биринчи орун басары Кенжегуль Карагулова,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, мектеп директорлору, мугалимдер жана райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери катышты. 

 Ага жалпы 405 окуучу катышты. 405 окуучунун ичинен 24 окуучу 1-2-орундарды камсыздап, областык олимпиадага жолдомо алышып, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталарына ээ болушту.

Андан сырткары М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университеттин олимпиададан эн жогорку балл алган 9-11класстардын окуучуларына сертификаттар тапшырылды.