М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун Улуу Рамазан айынын башталышы менен куттуктоосу

       

          Ислам дининде өзгөчө орду бар ыйык Рамазан айы башталды. Орозо тутуу салты бүткүл Мусулман дүйнөсүнө терең тамыр жайып, кайрымдуу жана сабырдуу болуу, жакшы иштерди жасоо жана адамдарга кам көрүү керектигин эскертет. Дүйнө жүзүндө орун алган акыркы окуяларга ылайык коомдук жашоо басаңдап калбай, ал жаңы формага өтүп жаткан шартта мамлекетибиздин көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн коргоо, биздин көп улуттуу коомубузда тынчтыкты жана ынтымакты сактап калуу үчүн көп иш-аракеттерди аткаруу абзел. Албетте, адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүүдө, өлкөнүн жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарттарды түзүүдө, улуттук экономикабыздын инновациялык өнүгүүсүнүн негизги фактору катары адам ресурстарынын ролу аныкталды. Бардыгыныздарга чынчылдык жана бардык жакшылыктарды каалап, Ата Мекенибиздин өнүгүшүнө, күчтүү, гүлдөгөн, заманбап мамлекеттин курулушуна өз салымыбызды кошолу!

Ыйык Рамазан айыбыз кут болсун!

Ректорат

Профком