Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын кезектеги отуруму

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын кезектеги отуруму 2020-жылдын 4-майында ZOOM  аркылуу болуп өттү. Жыйында республикабыздагы өзгөчө кырдаалдан улам билим берүүнүн аралыктан окутуунун отчеттору алынып, айрым маселелер каралды. Алдыдагы жайкы электрондук сессиядагы сынак тапшырмалардын тесттик суроолору талкууланып, бекитилди. Жайкы электрондук сессияны аралыктан (дистанттык) кабыл алуунун формасы, бир добуштан AVN 37 жана GOOGLE forma аркылуу кабыл алууну чечишти. Отурумдагы эң негизги маселелердин бири кесипке багыттоо (профориентация) иштери боюнча маселе каралып, көйгөйлүү болгон учурлар чечилди жана мындан ары да жигердүүлүк менен иштөө ар бир окутуучуга милдеттендирилди.