




Zoom форматында кесиптик багыттоо боюнча уюштурулган жолугушуу болуп өттү
9-май, Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы күнү саат 12.00дө М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын доценти, окуу бөлүмүнүн башкы адиси Каримова Бурулкан Абдырахмановна, окутуучу Акматова Айназик Болотбековна, кафедранын жалпы жамааты тарабынан Zoom форматында кесиптик багыттоо боюнча уюштурулган жолугушуу болуп өттү. Ага Чүй облусу, Москва районунун Ак- Суу №1 орто мектебинин 9-в классынын окуучулары, класс жетекчиси, директордун орун басары Кариева Анара Аманидиновна,11-б классынын окуучулары, класс жетекчиси Жапарова Кенже Кадыровна, Кочкор районунун Ак-Учук айлындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектептин директорунун орун басары Арпачиева Рахат Шариповна, 11- класстын окуучулары, класс жетекчиси Байшериева Асел Карагуловна, Нарын районунун Таш-башат айлындагы Марат Кенжакунов орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Жийдебаева Мээрим Саламатовна, 9- класстын окуучулары, класс жетекчиси Сатар кызы Нурзат, 11- класстын окуучулары, класс жетекчиси Макилова Бүбүкан Зарылбековна, Бишкек шаарынын №73 жана № 59-орто мектебинин окуучулары, Желкайып Касымбаева атындагы №2-Лебединовка орто мектебинин 9- классынын окуучулары, класс жетекчиси Алмаш Искаковна ата-энелер, КЭУнун окутуучулары Татышов Улан Каныбекович, Бейшеева Айнура Жекшенбековна, ЭжТКнын директорунун орун басары Молдоева Толкун Токтоналиевна катышты.
Окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Эл аралык экономика, бизнес жана туризм институтунун директору, э.и.д., профессор Сыдыков Бакытбек Кадыралиевич, ОМИ боюнча проректор Турсуналиева Динара Мухтаровна, Туризм, меймандостук жана ишкердик кафедрасынын башчысы, э.и.д, Чубурова Жаңыл Темировна, Коммерция, товартаануу жана ресторандык бизнес институтунун директору, т.и.д, Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич, Экономика жана тейлөө колледжинин директору Узбекова Гульнара Ашырбековна, С.А.Сулайманбеков атындагы Финансы жана финансылык көзөмөлдөө кафедрасынын башчысы Жапаров Гурас Дүрбөлөңович, Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Жапаралиева Назира Жакыповна, Колдонмо информатика кафедрасынын башчысы Аманалиева Махабат Олжобековна окуу жайыбыздын багыттары, профилдери, артыкчылыктары, аткарылып жаткан иштер, окуу жайыбызга тапшыруу боюнча кеңири маалымат беришти. Катышкан бардык профессордук-окутуучулук курамга, окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңиш майрамыбыз кут болун, ийгилигибиз арта берсин! Жаштарыбыздын максаты так, багыты айкын болсун!