Академиялык мобилдүүлүктүн актуалдуу маселелери

Академиялык мобилдүүлүктүн актуалдуу маселелери талкууланды

2 майда Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар департаменти «Ата мекендик өнөктөш ЖОЖдордун ортосунда кызматташуунун жаңы горизонттору: ички мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү» аттуу он-лайн видео конференция уюштурду.

Ага республикабыздын 25 окуу жайынын өкүлдөрү: ректорлор, проректорлор, департамент директорлору, декандар, эл аралык байланыштар бөлүмдөрүнүн башчылары, башкы адистер ж.б. 80ге жакын кызматкер катышып, өздөрүнүн ойлорун ортого салышты. КЭУнун атынан эл аралык баланыштар жана коммуникация болумунун башчысы Эстебес кызы Жазгул, жана мобилдуулук боюнча адис Манас Кадыралиев катышышты.

Жыйынга модераторлук кылган Абдыганы Осмонович ОшМУнун мисалында даярдалган «Академиялык мобилдүүлүк: көйгөйлөр жана аларды чечүүгө карата сунуштар» аталышындагы докладын презентациялап, мобилдүүлүктүн көйгөйлөрүнө жана аларды чечүүгө карата сунуштарга кеңири токтолду.

Учурдун актуалдуу талаптарынын бири болгон академиялык мобилдүүлүк маселеси окуу жай өкүлдөрүнүн ортосунда кызуу талкуу жаратты. Негизинен тараптар жакынкы аралыкта ички окуу жайлардын эл аралык байланыштар департаменттеринин жана бөлүмдөрүнүн ассоциациясын түзүү идеясын жана академиялык мобилдүүлүктүн ЖОЖдор аралык бирдиктүү жобосун Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте кайрадан иштеп чыгуу керектигин колдошту. Академиялык мобилдүүлүктү жүргүзүүдө окуу процесси менен байланышкан көптөгөн маселелер бар болгондуктан, аталган иш-чарага университеттердин окуу иштерин тейлеген түзүмдөрүнүн өкүлдөрү дагы тартылды.

 

 

Жыйындын соңунда уюштуруучулар тарабынан даярдалган төмөнкү резолюция, кошумча сунуш-пикирлер менен толукталып, кабыл алынмай болду:

1. Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын эл аралык байланыштар департаменттеринин (бөлүмдөрүнүн) ассоциациясы түзүү, анын жобосу иштеп чыгуу жана ал он-лайн талкуулоо сунушталсын. Перспективада ассоциациянын өзүнүн сайтын түзүү, илимий журналын негиздөө каралсын.
2. Академиялык мобилдүүлүктү жүргүзүүнүн ЖОЖдор аралык жобосун иштеп чыгуунун зарылдыгы белгиленсин.
3. Академиялык мобилдүүлүктүн дистанттык (электрондук, он-лайн, виртуалдык) формаларын жүргүзүү механизимдери иштеп чыгуу каралсын.
4. Академиялык мобилдүүлүк уюштуруу боюнча окуу жайлар арасында видео конференция, семинарлар, мастер-класстар регулярдуу өткөрүү туруу сунушталсын.
5. Ар бир окуу жайдын сайттарында академиялык мобилдүүлүккө тиешелүү өзүнчө беттер ачылып, маалыматтар өз убагында жарыяланып турулсун.
6. Студенттерди академиялык мобилдүүлүккө каттоо иш-аракеттери семестр башталганга чейин бүткөрүлүшүнүн зарылдыгы белгиленсин.
7. Академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер жана окутуучулар өз окуу жайларында презентацияларды жасап, академиялык мобилдүүлүктү коомчулукка жайылтуу иши колго алынсын.
8. Студенттердин окуу планында жок предметтер боюнча мобилдүүлүктөн өткөн окуу жайлардан топтоп келген кредиттери ЖОЖ компоненттери же тандоо курстары катары таанышы окуу жайлардын тиешелүү структураларынан суралсын.
9. Айырма чыккан предметтерди дистанттык технологияны пайдаланып окутуу, модулдарды жана экзамендерди кабыл алуу сунушталсын.
10. Мобилдүүлүк боюнча студенттерди кабыл алган окуу жайлардан аларга максималдуу шарттарды түзүп берүү жагына көңүл буруусу (окуу процессин тийиштүү деңгээлде уюштуруп берүү, жатакана менен камсыздоо, китепкана, электрондук ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгү, маданий-массалык, спорттук иш-чараларга катыштыруу, ден соолугуна кам көрүү ж.б.) суралсын
11. Студенттердин тил билүү деңгээлин жогорулатуу максатында, алардын каалоосу боюнча ЖОЖ компоненттери жана тандоо курстары катары чет тилдери окутуу сунушталсын.

Он-лайын конференциянын катышуучулары бүгүнкү иш-чара өз убагында уюштурулган, окуу жайлардагы эң актуалдуу маселени чечүүгө арналган абдан кызыктуу, эн керектүү жана пайдалуу жыйын болгондугун, аны мындан ары да регулярдуу өткөрүп туруу керектигин белгилешип, Ош мамлекеттик университетине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Жыйындын видео версия менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, таанышсаңыздар болот: https://youtu.be/de6Ccfb5OzM

P.S. Талкууга төмөнкү окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты:

1. Ош технологиялык университети.
2. Ж. Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети.
3. Ысык-Көл мамлекеттик университети.
4. Талас мамлекеттик университети.
5. И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети.
6. Бишкек мамлекеттик университети.
7. Жалал- Абад мамлекеттик университети.
8. Кыргыз-Түрк Манас университети.
9. Кыргыз-Өзбек университети.
10. Борбордук Азиядагы америка университети (АУЦА).
11. Ош гуманитардык педагогикалык институту.
12. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КГУСТА)
13. Борбордук Азия университети (Нарын)
14. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
15. Нарын мамлекеттик университети.
16. Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту.
17. Кыргыз-Россия славян университети.
18. И. Раззаков атындагы кыргыз техникалык университети.
19. Кыргыз экономикалык университети.
20. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы.
21. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясы.
22. Кыргызстан эл аралык университети.
23. Баткен мамлекеттик университети.
24. К.Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университет.
25. Ош мамлекеттик университети.