М. Рыскулбеков атындагы КЭУ аз камсыз болгон кызматкерлерине жардам көрсөттү

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү карантин шартындагы кырдаалда өзгөчө жардам, айрыкча колдоого муктаж болгон калктын аялуу катмары бар экени күмөнсүз.

М. Рыскулбеков атындагы КЭУ «Ассанабилл» кайрымдуулук фонду менен биргеликте аз камсыз болгон кызматкерлерине гуманитардык жардам корсотту. Окуу жай улгайган адамдарга жана калктын социалдык аялуу катмарына ар дайым ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Аталган акция карантин шартында аз камсыз адамдарга жардам берүү максатында ишке ашырылды. Карантиндик режим учурунда социалдык жактан корголбогон калк үчүн бул иш-аракеттердин мааниси чоң экендигин маалымат борбор кабарлайт. Күрүч, ун, шекер, дан, май жана башка нерселер камтылган азык-түлүк жардамы  ыйык Рамазан айында жакшы иштердин көбөйүшү, ошондой эле кызматкерлердин көңүлүн көтөрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.