Аралыктан Zoom форматы менен “Келечекти туура тандоо” аттуу кесипке багыттоо иштери.

Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы

       2020-жылдын 10-май күнү саат 11.00дө Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Жапаралиева Назира Жакыповна региондордун мектептери менен Zoom форматында жолугушуу өткөрдү. Ага Чүй облусу, Кемин районунун №1 Жалил Садыков атындагы орто мектебинин окуу башчысы Абылгазиева Сакина Асанкановна, 11”а” классынын кл. жетекчиси  Андашова Фатима Сотовна, 11”б” классынын кл.жетекчиси Кемелбаева Гүлсүн Нуркалыевна, 9-классынын кл.жетекчиси Мамбетжанова Назира, Кочкор районунун Ак-Жар орто мектеби, 11-классынын кл.жет. Усенова Асел, 9-классынын кл.жет. Сулайманкулова Айнагүл, Жалал-Абад обл. Ала-Бука району №4 Акпаралиев орто мектеби, 11-классынын кл.жет. Орозбаева Айчүрөк, 9”а”классынын кл.жет. Стамалиева Уларкан, 9”б”классынын кл.жет. Кошбаева Анаркан, Кемин шаарчасынын №3 Насыр Давлесов атындагы орто мектебинин директору Асанкулова Дилбара Насирдиновна, окуу башчысы, Тилегенова Нурия 11”а”классынын кл.жет. Абдылдаева Жийдегүл, 11”б” классынын кл.жет. Намазбаева Айжамал, 9”а”классынын кл.жет. Солтонкулова Бактыгүл, 9”б”классынын кл.жет. Сабитова Альбиналар биздин КЭУда окуучулары менен конокто болушту. Бул конференцияда 50дөн ашуун катышуучу болду. Ал эми биздин окуу жайдан кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, э.и.д., профессор Б.К.Сыдыков, ОУИ боюнча проректор,э.и.к., доцент Д.М.Турсуналиева, Финансы, эсеп жана статистика институтунун директору, э.и.д., профессор Б.Т.Токсобаев, Коммерция, товар таануу жана ресторандык бизнес институтунун директору, т.и.д., профессор К.А.Алымбеков, Колдонмо математика жана маалыматтык технологиялар институнун директору, э.и.к., М.О.Аманалиева, Туризм, меймандостук жана ишкердүүлүк кафедрасынын башчысы, э.и.д., проф. Ж.Т.Чубурова, финансы жана финансылык көзөмөлдөө каф.башчысы, э.и.д., проф. Г.Д.Жапаров, Экономика, менеджмент жана маркетинг каф.башчысы, э.и.д., Ч.М.Алкадырова, Окуу бөлүмүнүн башчысы,э.и.к., доцент А.Т.Сурамбаева,   ага окутуучу Айнура Бейшеевалар жана  ЭжТКнын директору Г.А.Узбекова, орун басары Молдоева Толкун Токтоналиевналар катышышты. Бул жолугушуу класс жетекчилердин суроолорунун маанилүү, маңыздуулугу менен айырмаланды, анткени окуучулары үчүн ата-энедей күйүп жатканы сезилди. Окуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышты. Биздин кесиптештер жеткиликтүү, түшүнүктүү маалыматтарды беришти.

Дем алыш күнүнө карабай баардыгы кызыгуу менен катышып, пикир алмашышты. Биздин бүгүнкү конокторго, мектеп админстрациясына, класс жетекчилерге жана биздин келечектеги студенттерибизге чон ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун бүгүнкү онлайн жолугушууга катышкан бардык жетекчилерине, кафедра башчыларына да ыраазычылык билдиребиз.

                       

Ардактуу абитуриент, сиздер үчүн КЭУнун эшиги дайым ачык!!!