




М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын кесипке багыттоо иштери
2020-жылдын 15-майы, саат 12.00
Конференцияны уюштуруучу, кафедра башчысы, п.и.к., Н.Ж.Жапаралиева
Катышуучулар республикабыздын 5 региону.
Тема: “Урматтуу бүтүрүүчү сиздин келечек КЭУдан башталат”
Бүгүнкү биздин коноктор: 1) Кара-Балта шаарынын №11 орто мектебинин директору Маразыкова Назгул Керималыковна, 2) Кара-Балта шаарынын №5 орто мектебинин завучу Гүлнара Рысбековна, окуучулары менен, 3) Панфилов районунун жатак-мектебинин мугалими Кадыржан мырза, 4) Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылы Э.Кендирбаев атындагы орто мектептин директору Карыпбаева Жыпара айым, төрттөн 9-11-класстары менен класс жетекчилери катышууда, 5) андан сырткары Кемин шаарынын №3 Насыр Давлесов атындагы орто мектептин 9-11-класстары, мурунку жолугушууга катышпай калгандар суранып жолугушууга келишти.
Ал эми ушул жолугушууга кафедранын ага окутуучусу, п.и.к., Абдраимов Каныбек Акиновичтин чакыруусу менен Бишкек шаарынын 6) №91мектеп-гимназиясынан Абдрасулова Айзат Мырзабековна 11”а”классынын кл.жетекчиси, ата-энелерден Абдиева Аида, 7) Кыдырбаева Сүйүнбүбү Садыбакуновна 11”б” классынын кл.жетекчиси, 8) №93 мектептин завучу Жусупбекова Тамара Төлөнбековналар 11 “а” классынын кл.жет. Темиралиева Анара Абданбековна, 11 “б” классынын кл.жет. Бейшенова Айжан Омокеева окуучулары менен биздин окуу жайда конокто.
Бул жолугушууда М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору, э.и.к., доцент Алмаз Токтобекович Кадыралиевдин катышуусу менен бирге, биздин келечектеги студенттерге жакшы каалоосун айтуу менен конференцияны ачып берди. Андан сырткары биздин окуу жайдан Эл аралык экономика, бизнес жана туризм институтунун директору, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, э.и.д., профессор Б.К.Сыдыков, ОУИ боюнча проректор,э.и.к., доцент Д.М.Турсуналиева, Коммерция, товар таануу жана ресторандык бизнес институтунун директору, т.и.д., профессор К.А.Алымбеков, Финансы, эсеп жана статистика институтунун директору, э.и.д., профессор Б.Т.Токсобаев, Колдонмо математика жана маалыматтык технологиялар институнун директору, э.и.к., М.О.Аманалиева, Туризм, меймандостук жана ишкердүүлүк кафедрасынын башчысыс, э.и.д., проф. Ж.Т.Чубурова, финансы жана финансылык көзөмөлдөө каф.башчысы, э.и.д., проф. Г.Д.Жапаров, Экономика, менеджмент жана маркетинг каф.башчысы, э.и.д., Ч.М.Алкадырова, Окуу бөлүмүнүн башчысы,э.и.к., доцент А.Т.Сурамбаева, ага окутуучу Айнура Бейшеевалар жана ЭжТКнын директору Г.А.Узбекова, орун басары Молдоева Толкун Токтоналиевналар катышышты. Бул жолугушуу класс жетекчилердин суроолорунун маанилүү, маңыздуулугу менен айырмаланды, анткени окуучулары үчүн ата-энедей күйүп жатканы сезилди. Окуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышты. Биздин кесиптештер жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып маалыматтарды беришти. Бардыгыңыздарга ийгилик каалоо менен терең ыраазычылык билдиребиз!