Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан «Жаркын келечек кесип тандоодон башталат!» деген темада өлкөнүн 7 облусунан мектептердин 9,11-классынын окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышкан аралыктан жолугушуу өткөрүлдү.

2020-жылдын 21-майында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан «Жаркын келечек кесип тандоодон башталат!» деген темада өлкөнүн 7 облусунан мектептердин 9,11-классынын окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышкан аралыктан жолугушуу өткөрүлдү.

Конференцияга КЭУнун «Каржы жана насыя» адистигинин 2006-жылдагы бүтүрүүчүсү, Tekom Middle East FZE түрк компаниясынын сатуу жана маркетинг боюнча координатору Гульназ Эгенбердиевна Дубай шаарынан,  ошондой эле иш берүүчү өнөктөштөрүбүз: «Бирлик» Евразиялык валюталык-фондулук инвестициялар биржасынын башкы директору Чабанова Айгүл Мырзаназаровна жана Айыл Банктын Бишкек филиалынын башкы бухгалтери Сазикова Асылкан Темировналар катышты.

Он-лайн жолугушууга төмөнкү мектептер, мектеп жетекчилери, окуучулар чакырылган:

  • Талас облусунун Талас районунда Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин ысымын алып жүргөн ОМ, директору Токтогазиев Сагынбек Шүкүрбекович, 9,11-класстын окуучулары,  класс жетекчилери Койчиева Жаңыл, Алиева Эсенбү, Сманалиева Динара.
  • Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, №12-Капарбек атындагы орто мектебинин 9,11-класстын окуучулары, директордун орун басары Темиркулова Айгүл Токторалиевна. белгилей кетчү нерсе, БИ-1-18 тобунун мыкты студенти Көчөров Сыймык бүтүргөн мектеп;
  • Ош облусу, Алай району, Гүлчө айлындагы  Тапык Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясы, окуу бөлүмүнүн башчысы Кожогелдиева Назгүл Абдыкадыровна, 9 «а,б,в,г»,  11 «а,б,в»    класстын окуучулары, класс жетекчилери Рыспаева Анара Баргыбаевна, Касымова Кимсан Намаевна, Токторбаева Шарипа Чапыевна, Калдыбаева Нурзида Таякуновна, Кулуева Жазгүл Эркинбаевна, Эргешова Айчүрөк Малашовна, Жээнбекова Баргүл Аматовна, кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдылдаев Кадырбек Камалович;
  • Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы, К Саалиев  атындагы жалпы орто билим берүү  мектебинин 9 «а,б,в», 11-«а,б» класстын окуучулары, директору Иманакунов Нурбай Сартбаевич, класс жетекчилери Байжарыкова Апал, Шурубек кызы Наргиза, Кендирбаева Айнура, Базекова Бегимкан, Эралиева Дамира.
  • Жети-Өгүз районунун Э.Кендирбаев ОМ 9,11-класстын окуучулары, завучу Карыбаева Жыпара;
  • Ысык-Көл районунун Эркин Керимгазиев атындагы ОМ,  9,11-класстын окуучулары; класс жетекчилери директору Тулекеева Назира Чолпонкуловна. 
  • Нарын районунун Өмүр Токтосунов атындагы орто мектеби, директору Кадырова Назгүл Калыковна, 9,11-класстын окуучулары, класс жетекчилери Иманкулова Гулина, Шамуратова Элзат, тарых мугалими Каримова Мария Абдырасуловна;
  • Нарын районунун Таш-Башат айлындагы Марат Кенжакунов ОМ,  9,11- класстын окуучулары, кл жет: Сатар кызы Нурзат, Макилова Бүбүкан Зарылбековна, Орус тили жана адабияты мугалими Жийдебаева Мээрим Саламатовна;
  • Нарын обл., Ат-Башы айлындагы А.Керимбаев атындагы ОМ, 9,11-класстын окуучулары, кл.жет. Чиркеева Мээрим Абылсеитовна, Иманахунова Гаухар Турдахуновна; тарых мугалими Букуева Жылдыз Жумабековна; 
  • Нарын обл., Акталаа р/ну М.Базаркулов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары, класс жетекчиси Тиленбаева Майрам Жаныгуловна;
  • Нарын шаарындагы №8-ОМ, 9-11 кл, мугалими Султаналиева Сайрагуль;
  • Бишкек шаарындагы №73-ОМ, 9-11 класстар, №11-ОМ, 11-кл, кл. жет. Нурумова Елена Николаевна; №21-ОМ директору Гайде Дуйшебековна;
  • Москва районунун №4-Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектеби, директору Суеркулов Мирлан Казбекович, 9,11- класстын окуучулары.
  • Аламүдүн районунун Желкайып Касымбаева атындагы №2-Лебединовка  орто мектеби, 9 «Г», 9 «А», 11 «Г» класстарынын окуучулары, класс жет. Анара Асанакуновна, Күмүшай Моңоловна, Алмаш Искаковна;
  • Панфилов жатак мек. 9,11- классынын окуучулары,  класс жетекчилери менен.
  • Кемин районунун №3-Насыр Давлесов атындагы орто мектеп, 9,11-кл. окуучулары, кл.жет. Абдылдаева Жийдегүл.

Өкүнүчтүүсү, көптөгөн окуучулар шилтеме менен конференцияга кире албай жатканын, Интернет байланыш начар экендигин билдирип Whatsapp аркылуужазып жатышты.

Конокторго КЭУнун адистерди даярдоо багыттары, тармактары, окуу жайдын артыкчылыктары,  академиялык  курамы, жетишкендиктери, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, ар түрдүү интеллектуалдык, маданий иш-чараларда катышуусу тууралуу Коммерция, товартаануу жана ресторандык бизнес институтунун директору, т.и.д., Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич, Окуу бөлүмүнүн башчысы Сурамбаева Астра Таштанбековна, С.А.Сулайманбеков атындагы Каржы жана каржылык көзөмөлдөө кафедрасынын башчысы, э.и.д., Жапаров Гурас Дүрбөлөңович, Экономика, менеджмент жана маркетинг кафедрасынын доценти, э.и.к. Кыдырмаева Назгүл Нуркалыевна, С.М.Мансурходжаев атындагы Экономикалык теория жана дүйнөлүк экономика кафедрасынын башчысы. э.и.к., Бигалиева Асмат Наматбековна, «Банк ишмердүүлүгү жана камсыздандыруу» кафедрасынын башчысы, э.и.к., Абдукадырова Гульназ Токтосуновна, Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Жапаралиева Назира Жакыповна, Колдонмо информатика кафедрасынын башчысы, э.и.к., Аманалиева Махабат Олжобековна, Туризм, меймандостук жана ишкердик кафедрасынын ага окутуучусу Бейшеева Айнура Жекшенбековна, Экономика жана тейлөө колледжинин окутуучулары Шейшеналиева Назира Темирбековна, Джусупова  Асель Джеңишовна  кеңири маалымат беришти, кызыктырган суроолорго толук жооп кайтарышты.

 

 

Суроолор тикелей он-лайн жана чат аркылуу да берилди. Чатта КЭУнун сайты, Фейсбуктагы баракчабыз, байланыш телефондору, окуу акысы көрсөтүлдү.

      

Конференциядан кийин да кайтарым байланыш болду. Ош облусу, Алай району, Гүлчө айлындагы  Тапык Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуу бөлүмүнүн башчысы,  биздин студенттердин: БУ-1-16 тобунун бүтүрүүчүсү Нурадил кызы Аселдин, ФК-2-19 тобунун студенти Нурадил кызы Айикенин апасы Кожогелдиева Назгүл Абдыкадыровна байланышып, конференциянын башынан аягына чейин отургандыгын айтып, өтө мазмундуу, кызыктуу болгонун белгиледи, жалпы жамаатыбызга ийгиликтерди каалады жана БУ-1-16 тобунун куратору, «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» кафедрасынын ага  окутуучусу Чапаева Наргиза Доктурбековнага өзгөчө ыраазычылык билдирип коюуну өтүндү.

 

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, №12-Капарбек атындагы орто мектебинин директорунун орун басары Темиркулова Айгүл Токторалиевна байланышып, дагы кызматташууга даяр экендиктерин белгиледи.

  

 

Конференцияга жигердүү катышкан мугалимдер, мектеп жетекчилери, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, бардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле иш берүүчүлөрдү чакырып бергендиги үчүн «Банк ишмердүүлүгү жана камсыздандыруу» кафедрасынын башчысы Гульназ Токтосуновнага,  узак мөөнөттүү конференция уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ректоратка, жаштар саясаты борборунун директору Венера Исакуловнага, МТБнын башчысы Аскат Жаныбековичке рахмат айтабыз. Жаштарыбыз намыскөй, максатка умтулган, эл-жерин, тилин, улуттук дөөлөттөрүн аздектеген, илим-билимдүү, адеп-ахлагы бекем инсандар болсун!  КЭУнун студенттеринин катарын толуктасын! Келечек багытын туура тандап, чоң турмушка аттаган кадамдары байсалдуу болуп, эл жүгүн аркаласын!