2020-жылдын 28-майында Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын ara окутуучулары тарабынан кесиптик багыттоо боюнча аралыктан он-лайн жолугушуу өткөрүлдү.

     Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде 2020-жылдын 28-майында Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын ara окутуучулары Aдылова Бактыгүл Кыдыкбаевнa, Ашырова Нургуль Саякбековна жана Каримова Бурулкан Абдырахмановна тарабынан кесиптик багыттоо боюнча аралыктан он-лайн жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга чакырылган мектеп жетекчилери, 9,11-класстын окуучулары, класс жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер:

  • Бишкек ш. Ч.Т. Айтматов ат. №63 МГ, директордун о.б. Усупова Дамира Авасовна;
  • Бишкек ш. №10-ОМ, 9«в»-класстын окуучусу Эркинбек уулу Куштарбек, 9-кл окуучулары, кл.жет. Козубек Касымалиев (Н.С.Ашырованын чакыруусунда);
  • Бишкек ш. №93-ОМ, Жусупбекова Тамара, Чоноева Света эжелер (Н.С.Ашырованын чакыруусунда);
  • Токмок ш. Алыкул Осмонов ат. №8 ОМ, №12 ОМ (Б.К.Адылованын чакыруусунда);
  • Нарын шаары, №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектеп, завуч Азат Нарынбекович;
  • Ак Талаа району Баетов айлындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеп,  директордун орун басары Макелеева Нургүл;
  • Ат-Башы району Большевик айылы, Апыш Табылдиев орто мектеби, 9,11-класстын окуучулары, завуч Дүйшеева Назгүл Кубанычбековна;
  • Нарын району, Миң-Булак айылы, Актан Тыныбек атындагы орто мектеп, 9,11-класстын окуучулары, директордун орун басары Айжан Кадырова;
  • Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы, К Саалиев  атындагы мектебинин 9,11-класстын окуучулары, директору Иманакунов Нурбай Сартбаевич; Жети-Өгүз районунун айрым мектептеринин 9,11-класстын окуучулары;
  • Кочкор айлындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы МГ, 9,11-класстын окуучулары, тарбия завучуАйнура Айталиевна;
  • Кочкор районунун Оро-Башы айлындагы Качибеков Абдулла атындагы ОМ, 9,11-класстын окуучулары, директору Элеманова Омуркан, класс жет. Кулукеева Айганыш, Касмалиева Барчын;
  • Кочкор районунун Ак-Учук айлындагы Асыранбек Мааткеримов ОМ, 9,11-кл.окуучулары, директордун орун басары Рахат Шариповна Арпачиева;
  • Талас облусунун Бакай-Ата району Боо-Терек айылы, Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектеп, Венера Кыргызбековна;
  • Талас облусунун Талас району,  Асанбек Оторбаев ат. ОМ, директору Токтогазиев Сагынбек Шүкүрбекович, 9,11-класстын окуучулары;
  • Тоң району, Комсомол айлындагы Ногой Садыков атындагы ОМ, 9-кл.окуучулары, кл.жет. Намазова Надира Аликовна;
  • Тоң районун Бөкөнбаев айлына караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, Ж. Алтымышбаев атындагы орто мектеби, Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектеби, 9,11-класстын окуучулары;
  • Тоң районун Тоң айлына караштуу А.Салиев ат. ОМ 9,11-класстын окуучулары (Б.К.Адылованын чакыруусунда);
  •  Тоң районун Кажы-Сай айлына караштуу А.С.Пушкин ат. ОМ 9,11-класстын окуучулары (Б.К.Адылованын чакыруусунда);
  • Ысык-Көл р-ну,  Кудургу а., Калыйнур Үсөнбеков ат. ОМ, 9 кл. окуучусу Азаматов Нурболот (Н.С.Ашырованын чакыруусунда);
  • Ош облусу, Кара-Суу району, Ак Жар айылы,  № 52 Зайырбек Төрөбеков атындагы ОМ 9,11-кл. окуучулары (Б.К.Адылованын чакыруусунда);
  • Ош облусу, Кара-Суу району, Ак Жар айылы, № 39-Султан Адылов атындагы ОМ, 9,11-кл. окуучулары (Б.К.Адылованын чакыруусунда);
  • Ош облусу, Алай району, Гүлчө айлындагы  Тапык Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясы, окуу бөлүмүнүн башчысы Кожогелдиева Назгүл Абдыкадыровна, 9,11-кл. окуучулары, кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдылдаев Кадырбек Камалович;
  • Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, №12-Капарбек атындагы ОМ 9,11-класстын окуучулары, директордун орун басары Темиркулова Айгүл Токторалиевна;
  • Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, № 7-Сатыбалды Далбаев атындагы ОМ 9,11-класстын окуучулары;
  • Чүй обл., Жайыл р-ну, Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр ОМ 9,11-кл.окуучулары (Н.С.Ашырованын чакыруусунда);
  • Чүй району, Кегети айлы, Өмүралы Исаев ат. ОМ, директордун окуу иштери боюнча орун басары Казиева Бегайым Жоомартбековна, музыка мугалими Нургүл Алияаскарова (Н.С.Ашырованын чакыруусунда);
  • В.В.Степаненко атындагы Беловодск ОМ  9,11-кл.окуучулары директору Осмоналиев Замир (Н.С.Ашырованын чакыруусунда);

     Жолугушууга КЭУнун бүтүрүүчүсү, Дубайдагы Tekom Middle East FZE түрк компаниясынын сатуу жана маркетинг боюнча координатору Гүлназ Эгенбердиевна, ФК СО 3-курсунун студенти, ATN Полис камсыздандыруу компаниясынын Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментин өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Рыспекова Айгерим Бакытбековна,  ФК-2-19 тайпасынын студенти Муса к Айзат катышып, экономика багытындагы адистер эмгек рыногунда иш менен туруктуу камсыз болууга мүмкүнчүлүктөрү көп экендиги, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн зарылдыгы, КЭУнун башка окуу жайлардан артыкчылыктары  тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.  

 

     Ошондой эле Кара-Суу  районундагы  Ак Жар айылы,  № 52 Зайырбек Төрөбеков атындагы орто мектебинин директору Мирза Абдуллаева Гүлпира, Кочкор районунун Оро-Башы айлындагы Качибеков Абдулла атындагы ОМ директору Элеманова Өмүркан, Чүй району, Кегети айлы, Өмүралы Исаев ат. ОМнын директорунун окуу иштери боюнча орун басары Казиева Бегайым Жоомартбековна КЭУнун республикадагы ЖОЖдордун арасында өзгөчө орду бар экендиги тууралуу маалыматтары бар экендигин айтып, окуучуларга ак жол каалашты.  Ак-Учук айлындагы Асыранбек Мааткеримов ОМнын директорунун орун басары Арпачиева Рахат Шариповна кесиптик багыттоо ишин жүргүзүп, окуу жайды таанытуу боюнча КЭУнун жамааты жүргүзүп жаткан конференцияларга мектептин бүтүрүүчүлөрү, класс жетекчилери болуп бир нече жолу катышкандыктарын, ректор Алмаз Токтобековичтин өз оозунан маалымат берилгендиги окуучуларга зор кызыгуу жараткандыгын, 25 жыл үзүрлүү иши менен КЭУнун техникуму макамынан М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине  чейин  эволюциялык  жолду  басып  өткөн даражага жетишине салымы зор инсан Төлөбек Кадыралиевичтин эмгегин белгилеп өттү, окуучуларга кыргыз тилинде түшүнүктүү маек куруп бергендиги үчүн Назира Жакыповнага ыраазычылык билдирди.

    Адистерди даярдоо багыттары, студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу КЭУнун окуу-методикалык иштери боюнча проректору, э.и.к., Турсуналиева Д.М., Кабыл алуу комиссиясынын Жооптуу катчысы, э.и.д. Сыдыков Б.К., Коммерция, товартаануу жана ресторандык бизнес институтунун директору, т.и.д. К.А.Алымбеков,  Экономика жана тейлөө колледжинин  директору Узбекова Г.А., Туризм, меймандостук жана ишкердик кафедрасынын окутуучусу Бейшеева А.Ж., Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к. Жапаралиева Н.Ж. баяндашты.

    Эл аралык кызматташтык жана байланыш бөлүмүнүн башчысы Эстебеc кызы Жазгүл академиялык мобилдүүлүктүн алкагында студенттерибиз Россия, Бельгия, Германия, Франция, Португалия, Англия, Австрия, Түркия, Чехия, Италия, Испания, Кипр, Латвия, Литва, Польша, Болгария, Грузия, Азербайжан, Япония, Китай, Индия, Чыгыш Корея, Монголия, Казакстан, Тажикстандагы университеттерге жөнөтүлүп, билимин улантары жана тажрыйбадан, такшалмадан   өтөрүн, стипендияга ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү да болорун айтып өттү.

    Уюштуруучулар тарабынан чатта КЭУнун сайты, Фейсбуктагы баракчабыз, байланыш телефондор, окуу багыттары тууралуу маалыматтар, контракт акысы, КЭУ тууралуу презентация, Жаштар саясаты жана студенттик демилгелер боюнча борборунун директору Исакул кызы Венера тарабынан жиберилген видеороликтер көрсөтүлүп турду.   

     Конференциядан кийин Базар-Коргон районунун №7 Сатыбалды Далбаев атындагы ОМ 9-классынын окуучусу Мадина Сапаралиева Кабыл алуу комиссиясынын Жооптуу катчысы Сыдыков Бакыт Кыдыралиевич менен байланышып, Каржы жана насыя адистигине онлайн тестирлөөдөн өттү.

 

     Конференцияга жигердүү катышкандыгы үчүн бардык катышуучуларга жана «Бухгалтердик эсеп» ПМКнын окутуучусу Ы.З.Мусамабетовага, С.М.Мансурходжаев атындагы ЭТ жана ДЭ кафедрасынын ага окутуучусу А.А.Асанбековага, ТТЭжРБ кафедрасынын ага окутуучусу М.Ш. Эляхуновага,  МжРТ кафедрасынын ara окутуучусу С.Е.Aхметовага ыраазычылык билдиребиз.

     Ак жол, силерге урматтуу бүтүрүүчүлөр!  Намыскөй, илим-билимге умтулган, адеп-ахлагы бекем инсандар болгула! Келечегиңер кенен болсун!