М. Рыскулбеков атындагы КЭУда студенттер үчүн өндүрүштүк практикалар онлайн форматта аралыктан өтүүдө

2020-жылдын 25-майынан тартып М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинде студенттер үчүн өндүрүштүк практикалар кесиптик чеберчилик жана тажрыйба алуу үчүн келишим түзүлгөн мекемелер, ишканалар жана компаниялар менен аралыктан тааныштырып окутуу тутумунда өткөрүлүүдө. Ошондой эле өндүрүштүк практиканы өтүү боюнча Алматы технологиялык университети менен биргеликте студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу максатында онлайн форматта өтүп жатат. Практикага консультант катары кафедранын окутуучулары өндүрүштүк практика боюнча презентацияны жана электрондук окуу курсун даярдашкан.

Өндүрүштүк практиканын алкагында 11 июнь 2020-жылы Колдонмо математика жана маалымат технологиялар институту тарабынан “Бизнес информатика” багытында билим алып жаткан студенттер үчүн онлайн вебинар өткөрүлдү. Вебинарга чакырылган спикерлер: Джылышбаев Максат Нурбекович - т.и.к., Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары “Санарип Кыргызстан: Өлкөнү санариптик трансформация Концепциясы” темада; Темиров Чубак Куванович – КРнын Жогорку технологиялар паркынын резиденттер менен иш алып баруучу менеджери “КРнын Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгү тууралуу”; Нурсуртан Медеткулов - «Duldul Animation» студиясынын директору, “Youtube аркылуу кантип дүйнөлүк рыноко чыгуу керек?” темалардын алкагында талкуу болду. Спикерлер азыркы учурда актуалдуу болгон: өлкөнү санариптештирүү, IT тармагында кантип иштөө керек жана кандай программаларды үйрөнүү керек экендиги тууралуу студенттерге кененирээк маалымат беришти. Ал эми Алматы технологиялык университетинин “Инжиниринг жана маалымат технологиялар” факультетинин деканы ф.м.и.д, Алиев Баходир Азимджонович биргеликте өндүрүштүк практиканын өтүшү тууралуу баяндап берди жана мындан ары дагы биргеликте ийгиликтүү иштерди жаратууга үндөдү.

 “Бизнес информатика” багытында билим алып жаткан студенттер өндүрүштүк практика учурунда КРнын Жогорку технологиялар паркы тарабынан уюштурулуп жаткан онлайн иш-чараларга активдүү катышып, IT компаниялар менен таанышып, онлайн курстарга катышууда. Жыйынтыгында өндүрүштүк практиканын аткарылышы боюнча студенттер отчетторун онлайн форматта аралыктан коргошмокчу.