М. Рыскулбеков атындагы КЭУда бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоо аралыктан технологияларды колдонуп онлайн форматта өтүүдө

Оор эпидемиологиялык кырдаал, дүйнөдө пайда болгон Covid-19 пандемиядан улам өзүн-өзү изоляциялоо режими билим берүү процессине да өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизди. КРнын билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоо аралыктан билим

берүү технологияларын колдонуу менен жүргүзүлө тургандыктан, 15 июнда 2020-жылы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинде студенттердин жана окутуучулардын ден-соолугуна кам көрүү үчүн, университеттин ректору Кадыралиев А.Т. онлайн форматта мамлекеттик сынакты ачып берип башталды. Университетте мамлекеттик сынактар онлайн тесттик форматта жүргүзүлөт. Тесттик сынактардын бир нече варианты даярдалган жана комиссиянын мүчөлөрү тарабынан тандалган вариант бүтүрүүчүлөргө берилет. Университетте биринчи мамлекеттик экзамендердин бирин онлайн режиминде бүтүрүүчү курстун студенттери “Экономика”, “Бизнес информатика”, “Менеджмент”, “Туризм”, “Маркетинг”, “Тышкы экономикалык иш алып баруу”, “Коммерция”, багыттары боюнча тапшырышат.

Университетте белгиленгендей, экзаменди аралыктан онлайн өткөрүү ыкмасы кадимки экзаменден эмнеси менен айырмаланат? Студенттерге коюлган талаптар кадимки экзаменге окшош - предметке жакшы даярдык көрүү, ошондой эле, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар компьютер, планшеттер, смартфондор керек. Сынак башталганга чейин студенттер паспортторун көрсөтүү менен идентификациядан өтүшөт, андан кийин комиссиянын катчысы мурдатан комиссия тандап алган варианттар боюнча тестен өтүүгө уруксаат берет. Мамлекеттик экзамендин комиссиясынын мүчөлөрү үйдө болгондуктан, компьютер экрандарынан экзамендин жүрүшүн көзөмөлдөп, студенттердин онлайн тести тапшырып жаткандыгын  видео аркылуу көзөмөлдөп турушат.

Экзамендердин мындай форматта өтүшү алыскы райондордо жашаган студенттер үчүн ыңгайлуу. Бул окуу жылында университетти 500гө жакын бүтүрүүчү аяктоо алдында турат.