2021-жылдын 21-апрелинде М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун А.Орузбаев атындагы Илимий китепканасында «Интеллектуалдык менчик айлыгынын» алкагында «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

2021-жылдын 23-апрелинде М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун А.Орузбаев атындагы Илимий китепканасында «Интеллектуалдык менчик айлыгынын» алкагында «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүнө карата өткөн иш-чара – педагог, кыргыздын тунгуч экономисти, э.и.к. (1947), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген кызматкери (1951), Кыргыз Республикасынын Эл мугалими (2001)  Муса Рыскулович Рыскулбековдун 110 жылдыгына арналды.  Иш-чара «Китепканага – китеп белекке бер» демилгеси, ошондой эле М.Рыскулбековдун китептери, гезит-журналдарга жарыяланган макалалары менен коштолду. Бул күнү өткөн китеп майрамына ардактуу ректор, э.и.д., профессор Т.К.Камчыбеков, ректор, э.и.к., доцент А.Т.Кадыралиев, Илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, э.и.к., доцент Г.Т.Супаева баш болгон окуу жайыбыздын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам көптөгөн китептерди белекке беришти. Өзгөчө белгилеп кетсек - көп жылдан бери окуу жайда талбай эмгектенип, КЭУнун өнүгүшүнө көп салым кошкон, э.и.д., профессор Б.А.Токсобаева өздүк китепканасындагы баалуу китептерди Илимий китепканага белек кылды.

Ушул эле күнү “Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу” бөлүмүнүн ERASMUS+ проект TALENT, “Усиление зеленой экономики в трех странах Азии: Индия, Непал и Кыргызстан (EGEA) долбоорлору аркылуу алынган окуу китептеринин бетачары магистранттардын, аспиранттардын катышуусунда болду.

Окуу жайыбызда билим алып жаткан студенттердин акыл-ой жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн, аӊ сезими менен көз карашын өнүктүрүүдө китептин ролун, ал китептерди жазган окуу жайыбыздын өнүгүшүнө салымдарын кошкон, көзү өтүп кеткен окумуштууларды, азыркы учурда үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамды даӊазалап келебиз. Тактап айтсак, 2020/2021 – окуу жылында окуу жайыбызда өткөрүлгөн көрүнүктүү экономист окумуштуулар: э.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти А.М.Молдокуловдун жана э.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти А.У.Орузбаевдин 90 жылдыктарына арналып өткөрүлгөн конференциялар.

Ардактуу ректор Т.К.Камчыбеков өткөндөрдү эскербей, даӊазалабай, өнугүү эч качан болбой турганын дайыма эскертип турат. Муса Рыскулович Рыскулбеков кыргыздын ичинен биринчи экономика илиминин кандидаты болгонун белгиледи. Муса Рыскулбеков 100 чыгып, дүйнө салды. 2010-жылы М.Рыскулбековдун атын, көзү өткөндөн кийин, бир жылдын ичинде окуу жайыбызга ыйгарды.

Агайларыбыздагы адамдык сапаттар жасаган иштеринин жемиштери, илим жолунда басып өткөн ийгиликтери – китепке жасаган мамилелеринен деп билсек болот, анткени китеп – көп ийгиликтерге жетүүгө жол ачып, өрнөктүү эмгектерди жаратууга өбөлгө түзөт.