Кыргызстандагы билим берүүнүн туризм чөйрөсүндөгү алгачкы карлыгач!

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кеңири колдонуу боюнча демилгелер биздин республикада көп жылдар бою көтөрүлүп келе жатат. Бирок көрүлүп жаткан күч-аракеттерге карабастан, азыркы учурда мамлекеттик тилди пайдалануу чөйрөсүн кеңейтүүдө түп-тамырынан бери өзгөртүүлөр жай ыргакта болгондой. Билим берүүдө, экономика, илим, маданият жана интернет тармактарында мамлекеттик тилди сактоо жана колдонууну киргизүү бүгүнкү күндүн талабы жана жалпыбыздын милдетибиз.
Тилди өнүктүрүүдө сөздүктөрсүз элестетүү кыйын. Буга байланыштуу Кыргызстанда ар түрдүү тармактагы терминологиялык орусча-кыргызча сөздүктөрдүн көпчүлүгү басылып чыккан.
Азыркы шартта туризмди өнүктүрүүнүн сапаттуу жаңы этабы туруктуу өнүгүүгө алып келет. Туруктуу өнүгүү концепциясы экономикалык, экологиялык жана социалдык түзүүчүлөрдүн параметрлерин өз ара байланыштырууну болжолдойт. Туристтик тармак - бул көп функционалдуу сектор, ал түздөн-түз же кыйыр түрдө экономикага, экологияга жана коомдун социалдык-маданий турмушуна таасирин тийгизип, бул процесстердин интеграцияланышын комплекстүү фактор катары көрсөтө алат. Ошол эле учурда, курчап турган чөйрөнү коргоо, экология жана экологиялык аң-сезимди сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Республиканы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө туристтик тармактын мааниси улам жогорулайт жана артыкчылыктуу багыттардын бири катары таанылары талашсыз. Бирок, азыркы учурга чейин туристтик түшүнүктөрдүн жана терминдердин мамлекеттик тилде түшүндүрмөсү менен сөздүктөрү басылбай келет. Буга байланыштуу, “Туризм жана экология боюнча колдонулган терминдердин орусча - кыргызча сөздүгү” бул боштукту тийиштүү деңгээлде толуктай ала турган алгачкы аракеттердин бири болуп саналат.
Сөздүктө түшүнүктөр жана атоолор менен терминдердин көп көлөмү сунуш кылынды. Туризм тармагында кеңири колдонулган түшүнүктөрдөн тышкары, сөздүккө сейрек колдонулган жана жаңы туристтик терминдер киргизилди. Иштин түзүмү талаптарга ылайык түзүлгөн, терминдер жана түшүнүктөр алфавиттик тартипте жайгаштырылган. Сөздүктү түзүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин басылмаларында кабыл алынган терминдер пайдаланылды. Ошондой эле бул жерде айрым туристтик терминдер азыркыга чейин теорияда да, практика жүзүндө да талаш-тартыштарды жаратып келе жаткандыгын белгилей кетүү керек. Басылма пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө арналган.
Бул сөздүк Кыргызстандагы туризм чөйрөсүндөгү алгачкы карлыгач болуп эсептелет. Бул эмгек кафедранын жеке каражаты менен басылып чыкты. Эмгектин авторлору: К.А.Атышов, Ж.Т.Чубурова, М.Д.Кочкорбаева, Н.Ж.Жапаралиеваларга ректорат терең ыраазычылык билдирүү менен илимий тармактын канатын кеңири жайып, дагы ийгиликтерге жетүүсүнө тилектешпиз!