“Кесиптик билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу”

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгунүн 30 жылдыгына арналган “Кесиптик билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу”аттуу студенттердин республикалык симпозиумуна көптөгөн жогорку жайларынын студенттери менен биргеликте биздин окуу жайдын студенттери да катышты.
Бизнес-информатика факультетинин 2-курсунун студенти Кемелбекова Акылай “Кесипке байланыштуу терминдердин кыргыз тили сабагында колдонуу”аталыштагы доклады менен (жетекчиси: доцент Мырзадаирова Динара Шадыбековна)
Финансы кредит факультенин 2-курсунун студенттери Таалайбеков Акжол “Эгемендүу Кыргызстанга энчиленген кыргыз тил” ,Беренбай уулу Кадыр “Жалпы билим берүү системасындагы кыргыз тилинин орду” (жетекчиси : Жапаралиева Назира Жакыповна)
Финансы кредит факультетинин биринчи курсунун студенттери Адылбекова Умутай “Мамлекеттик тилдин абалы”,Бексултанова Бегимай “Мамлекеттик тилдин абалы”(жетекчиси: Жапаралиева Назира Жакыповна) аталыштагы макалалар менен катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты жана сертификаттарга ээ болушту.