М.Рыскулбековдун 110 жылдыгына карата “Экономика илимдерин окутуудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү”

2021-жылдын 14-октябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган бир айлыктын алкагында,  М.Рыскулбековдун 110 жылдыгына карата “Экономика илимдерин окутуудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.Конференциянын максаты экономика илимдерин мамлекеттик тилде окутуудагы көйгөйлөрдү ачыктоо жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулоо, экономика илимдеринин мамлекеттик тилде окутулушуна жана илимде изилденишине салым кошуу болуп эсептелет.Конференцияга Республикабыздагы жогорку окуу жайларынын окутуучулары, окумуштуулар жана изденүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча сектор башчысы Г.Ү.Ибраимова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча  улуттук  комиссиясынын башкы адиси  А.Орозов  катышып, жогорку окуу жайларында ар түрдүү багыттагы адистиктерди мамлекеттик тилде окутуудагы көйгөйлөр талкууланып, ой-пикирлер айтылды.Конференциянын жыйынтыгында төмөнкүдөй резалюция кабыл алынды: Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй иш-аракеттер жүргүзүлсүн:

  1. Жогорку окуу жайларынын бардык түзүмдөрүндө укуктук-ченемдик иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү зарыл;

  2. Жогорку окуу жайларында өткөрүлүүчү илимий-практикалык конференциялар, форумдар, ар түрдүү жыйналыштар кыргыз тилинде өтүшү шарт;

  3. Жогорку окуу жайларында студенттерди адистик багыттарына жараша мамлекеттик тилди билүү деңгээлдеринде бөлүп окутулушун камсыздоо;

  4. ЖОЖдун кыргыз тайпаларындагы адистик боюнча сабактарды мамлекеттик тилде окутууга шарт түзүү;

  5. Мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жогорулатуу максатында тайпадагы студенттердин санын 15 студенттен ашырбоону көзөмөлгө алуу;

  6. “Манас таануу” сабагын агым боюнча эмес группа менен окутуу, эгер андай болбосо семинардык сабактарды киргизүү;

  7. Чет өлкөлөрдөн келишим менен окууга келген студенттерди мамлекеттик тил сабагынан деңгээлге жараша бөлүп окутуу;

  8. Окуу жайдын китепканаларынын кыргыз тилиндеги көркөм адабий булактардын, кесиптик багыттар боюнча окуу куралдарынын, окуу-усулдук материалдар менен камсыз болушун көзөмөлдөө;

  9.  Ар бир окуу жайдын жетекчилеринин, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамынын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо (Кыргыз тесттен  өтүү);

  10. Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгарылган  адистик багыттар боюнча окуу китептеринин, окуу куралдарын акысыз басып чыгаруу;

  11.  Жогорку окуу жайлары тарабынан чыккан басылмалардын мамлекеттик тилде чыгарылышын колдоо;

  12. Илимий эмгектер: дипломдук иштер, магистрдик диссертациялар, кандидаттык жана доктордук диссертацияларды кыргыз тилинде жазуу жана коргоо;

  13. Монографияларды жана окуу китептерин кыргыз тилинде акысыз басып чыгаруу ишин колдоо;

  14. Ай сайын же кварталына чыгуучу илимий журналдардын (ЖОЖдордун Жарчысы, илимий жыйнактар ж.б.) мамлекеттик тилде басылып чыгышы;

  15.  ЖОЖдордогу ар бир кафедранын багыттарына жараша: окуу-усулдук комплекстер, жумушчу программалар, окуу программалар, силлабустар, окуу усулдук материалдар, көрсөтмөлөрдүн, ведомосттордун, студенттик зачеттук китепчелердин, журналдардын ж.б. кыргыз тилинде болушу.

  1.  ЖОЖдордогу ар бир кафедранын багыттарына жараша: окуу усулдук колдонмолордун, дарс жыйнактарынын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын мамлекеттик тилде басылып чыгышын камсыз кылуу;

  1. Мамлекеттик тилде өткөрүлгөн иш-чараларды, кароо сынактарды, ачык сабактарды ж.б. өзгөчө баалоо, колдоо;